Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Төө буурчак тоодой үмүттү актабады


Дыйкандар төө буурчак баасынын былтыркыдан арзан болуп жатканына нааразы.
Дыйкандар төө буурчак баасынын былтыркыдан арзан болуп жатканына нааразы.

Таласта дыйкандар төө буурчак баасынын былтыркыдан арзан болуп жатканына нааразы. Былтыр төө буурчак алды 120 сомдон бааланса, быйыл 60 сомдун тегерегинде гана болуп жатат.

Өткөн жылдагы төө буурчак баасынын жогору болушун президент Алмазбек Атамбаев ортомчулар менен кызыл кулактардын азайышына таяп, аны бийликтин жасаган аракетинин натыйжасы катары баалаган эле.

Ушул тапта төө буурчак баасы былтыркыдай болот деп үмүт арткан таластык дыйкандардын шаабайы сууп турган кез. Быйылкы кургакчылык менен үшүк жүдөткөнү аз келгенсип, эми жай бою жумшаган мээнет, сарптаган каражат акталбай турат.

Банктан акча насыя алып, былтыркыдан көбүрөөк айдаган Нурадил аттуу дыйкан төө буурчак баасы төмөн болуп жатканына кейиди:

Төө буурчактын эң кымбат сорту быйыл 60 сомдун гана тегерегинде бааланууда.
Төө буурчактын эң кымбат сорту быйыл 60 сомдун гана тегерегинде бааланууда.

- Күндөн-күнгө арзан болууда. Жалаң эле ортомчулар жүрөт окшойт. Эң жакшы деген сорту араң 65 сом болуп жатат. Болбосо 50 сомдон эле алышууда. Өкмөт жардам кылса болмок.

Анан калса былтыркы түшүмдөн пайда көргөнүнө шерденген дыйкандар быйыл айдоо аянтарын кыйла көбөйткөн. Өткөн жылы Таластагы төө буурчак кирешесинен маарыгандарды көрүп, быйыл Баткен, Жалал-Абад, Чүй, кала берсе Нарында дагы айдагандар болгон. Жалпы Кыргызстан боюнча быйыл 59 миң гектар жерге төө буурчак себилген болсо, анын 55 миң гектары Талас облусуна таандык. Бул 2013-жылга караганда 10 миң гектарга көп.

Бааны өкмөт кантип көтөрөт?

Былтыркы төө буурчак соодасындагы ийгиликти өз ишинин жыйынтыгы катары көрсөткөн өкмөт быйыл бул абалга жооп таба албай турат. Дыйкандар кайра-кайра жогорку жактарга кат жолдоп, бул маселе боюнча парламентте да сөз болгон эле. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары 28-октябрда Талас облусуна барып, төө буурчак баасын талкуулаган.

Жыйындын негизинде тийиштүү органдар менен бааны көтөрүү аракеттери болуп жатканын министрликтин басма сөз катчысы Чынара Абдылдаева билдирди:

- Төө буурчак баасын жеринде аныктоо үчүн комиссия ошол жакта болду. Азыр төө буурчактын таза эмеси 50 сом, тазасы 65 сом болуп жатат. Дыйкандар ортомчулар бааны түшүрүп жатат дешүүдө. Бирок аны да так айтуу кыйын. Азыр тийиштүү органдар иш алып барып, териштирүү жүрүп жатат.

Айыл чарба министрлиги төө буурчак баасы ноябрь, декабрь айларында бир аз көтөрүлөт деп божомолдойт.

Былтыр төө буурчак баасы жогору болушун айрым адистер буурчак айдаган өлкөлөрдөгү кургакчылык менен байланыштырган. Төө буурчак тазалап, чет жактарга жөнөтчү ишканалардын бири - Sunshine Global Trade ишканасынын өкүлү Уран Ниязалиевдин пикиринде, учурда бул маселе өтө саясатташып кетти. Эми анын баасын көтөрүүгө өкмөттүн чамасы келбейт.

- Мага Түркиядан фирмалар келген. Бирок силерде экономика менен саясат аралышып калыптыр деген эле. Өткөн жылы дүйнөдө төө буурчакка суроо-талап көп болду. Анан биздин президент баш болуп премьер-министр, губернатор биз кылдык деп төш кагышты. Макул, өткөн жылы саясий упай топтоп алышты. А быйылчы? Анда эмнеге быйыл бааны көтөрө албай жатышат? Эми колдон келеби?

Ниязалиев дыйкандар митинг аркылуу төө буурчак баасынын маселесин чече албайт деген ойдо. Анткени нааразылык акциялар келебиз деп турган чет элдик фирмаларды биротоло качырат.

- Мен тааныган фирмалар азыр Таласта жүрөт. Эртең митинг башталат десе, алар коркуп кетип калышат.

Быйылкы төө буурчак жагдайы дыйкандарга сабак болду. Эми алдын ала пландоо менен иш кылуу керек экенин түшүнүп калышат деп кошумчалады Ниязалиев.

Ал арада кечээ, 30-октябрь күнү төө буурчак баасын көтөрүү талабы менен жүздөй жаш активист акция өткөрдү.

Кыргызстандан чет өлкөгө экспорттолгон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизгиси деп эсептелген төө буурчактын быйылкы абалы мына ушундай. Көп суммада банктан насыя алып, гектарлап айдаган дыйкандарга өкмөт реалдуу жардам бере алабы, бул суроого азырынча жооп жок.

Былтыр жергиликтүү элден топтоп, андан кийин сыртка сатуу менен 60тай фирма алектенген. Өткөн жылы Талас облусунда 84 миң тоннадай төө буурчак жыйналып, Кыргызстан башка мамлекеттерге 60 миң тоннадан ашык төө буурчак экспорттогон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG