Бул тууралуу Экономика министрлигинин быйылкы 10 айдын жыйынтыгы боюнча мекеме-ишканалардын көрсөткүчү тууралуу чыгарган баяндамасында айтылат.
2013-жылы төрөт учурунда өлкө аймагында 61 эне көз жумган болсо, быйыл январь-август айларында эле 40 чамалуу аял жарыктык менен кош айтышты. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу энелер өлүмү 15,5% жогорулаганын түшүндүрөт.
Саламаттыкты сактоо министрлиги жакында Кыргызстанда энелер өлүмү азайып баратканын билдирген болчу. (SE)