Украин президенти Петро Порошенко бүгүн өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын башчылары менен Донбасстын эки облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгаруу жагын талкууулайт. Улуттук коопсуздук жана Коргоо кеңешинин жыйыны жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн саат беште башталат.
5-сентябрда Минскиде кол коюлган келишимге ылайык, Чыгыш Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарына өзгөчө макам берилген эле. Порошенко 3-ноябрда улуттук телеберүүдөн сүйлөп, жикчилдер 2-ноябрда өткөргөн парламенттик шайлоону "фарс" деп атады жана ал Минск келишимин бузат деди. Жикчилдер 26-октябрда болгон парламенттик шайлоону чанып койгон. Порошенко Украинанын мыйзамдарына жараша шайланган гана жергиликтүү бийлик менен иштешерин да кошумчалады. Козголоңчулардын командири Александр Захарченко бүгүн жикчил “Донецк элдик республикасынын” башчылыгын расмий түрдө аткара баштады.