Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Малиде эболадан эки киши каза тапты


Мали бийлигинин белгилешинче, бул оорудан каза тапкандардын саны бул өлкөдө үчкө жетти. 12-ноябрда баш калаа Бамакодо медайым жана ал карап жүргөн бейтап көз жумганы кабарланды. Бейтап мурдарак Гвинеядан кайтып келген. Айыккыс дартка чалдыгып каза болгон алгачкы адам Гвинеядан ооруну жуктуруп Малиге келген эки жаштагы кыз болчу. Ал октябрда каза болгон. Мали өкмөтү Гвинея менен чек араны жаппай турганын билдирүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жаңы жарыялаган маалыматы боюнча, эболадан каза тапкандардын саны 4960ка жетти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG