Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Баткенде окуучулардын жапырт мушташы иликтенүүдө


Бул тууралуу Кадамжай районунун акиминин орун басары Жаныбек Исаков «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, 17- ноябрда Орозбеков айылындагы гимназия мектептин окуучулары ортосунда калайман мушташ чыккан. Мектеп окуучулары ишмебилик өткөрүп жаткан учурда эки бала келишпестиктен улам чатакташып, жаңжал ырбап кеткен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бүгүн Орозбеков айыл аймагына барып, мектеп окуучулары жана ата-энелердин катышуусу менен жыйын куруп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жаңжалдан эч ким оор жаракат алган эмес. (JsA)

XS
SM
MD
LG