Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Оштогу жаңы көпүрөгө Путиндин ысымын берүү сунушталды


Көпүрө курулуп жаткан жер. Ош шаары, 10-март, 2014
Көпүрө курулуп жаткан жер. Ош шаары, 10-март, 2014

Мындай демилгени Ош шаардык кеңешинин жыйынында жергиликтүү депутат Талант Капаров көтөрдү. Анын айтымында, аталган көпүрө Орусиядан келген гранттын негизинде курулууда. Мындан улам орус президентинин ысымын ыйгаруу туура болот.

Бүгүн шаардык кеңеш эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча мэриянын маалыматын укту. Вице-мэр Жапар Ормоновдун айтымында, 18-ноябрдан тарта көпүрө курулушунун экинчи баскычы башталды. Ага Орусиядан келген гранттын негизинде акча бөлүнгөн.

Навои көчөсүндөгү Ак-Буура суусу аркылуу өтө турган көпүрөнүн курулушу тегерегиндеги инфраструктурасын кошкондо азыр 699 миллион сом деп бааланууда. мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тушунда 800 миллион сом деп эсептелген. Бул айырмачылыкка байланыштуу талаш-тартыш чыгып, иш убактылуу токтоп турган эле. (BkA/YI)

XS
SM
MD
LG