Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Сот тандоо кеңеши толук эмес курамда шайланды


Кыргызстан боюнча азыр жүздөй судьянын орду бош турат
Кыргызстан боюнча азыр жүздөй судьянын орду бош турат

Жогорку Кеңеш 19-ноябрда Соттордун тандоо кеңешинин жаңы, бирок толук эмес курамын шайлады.

Коалициялык көпчүлүк сегиз талапкердин төртөөсүн кеч сунуштагандыктан алар бул жалпы тизмеге кирбей калды. Сотторду тандоо кеңеши бир жарым жылдай убакыттан бери иштебей, ушул тушта жер-жерлерде жүздөй судьянын орду бош турат.

Жогорку Кеңештеги Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети жалпы жыйында 20 гана талапкерди алып келди. Тизме толук болбогондуктан шайлоонун легитимдүүлүгү тууралуу талаш чыкты. “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Анарбек Калматов добуш берүүнү кийинкиге калтырууну сунуштады:

- Биз мыйзамга карабай эле “азыр өткөрүп коё берели, жасай берели, боло берет, кийин мыйзамга киргизип коёбуз” деген адатты үйрөнүп алдык, ушундай өнөр пайда болду. Эми Сотторду тандоо кеңешинин төрт мүчөсү жок. Мыйзамда бирдиктүү тизме менен келиши керектиги жазылып турат. "Азыр буларды өткөрө берели, калганын кийин алып келебиз" деген да болобу? Ушунча күттүк, дагы бир жума күтөлү. Ошондуктан бүгүн шайлаганга болбойт. Комитеттин төрагасы Токтогул Туманов, мындай деген болбойт. Мына төрт талапкер берилген экен, аларды комитет карай калса, кийинки жумада деле шайлап коё беребиз.

Талкууда Сотторду тандоо кеңешинин 20 мүчөсүнө добуш берүү сунушун көпчүлүк жактырып, баарын тең шайлап берди. Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Токтогул Туманов талапкерлерди тандоого байланыштуу жараян создугуп кеткенин айтты:

- Бирдиктүү тизме менен бүгүн биз 20 талапкерди шайладык. Алар ишти баштап даярдана беришсе, кийинки жумада дагы төрт талапкерди карап, курамын толук бекитип беребиз. Парламенттеги коалициялык көпчүлүк, азчылык жана соттор кеңеши тандаган талапкерлерин убагында беришкен жок. Бир пикирге келип, талапкерлерди шайлай албай ушул убакка чейин созуп келишти. Комитет регламентке ылайык талапкерлерди эки жуманын ичинде карап, текшерип чыгышыбыз керек. Бирок биз бир жуманын ичинде эле келген талапкерлерди карап, парламентке алып чыктык.

Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков коалициялык көпчүлүк талапкердин толук курамын сунуштай албай калган себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, бул “Ар-намыс” менен “Ата Мекен” фракцияларынын айынан болгон:

- “Ар-намыс” менен “Ата Мекен” эки-экиден сунуштаган төрт талапкер коалициялык көпчүлүктөн өтпөй калган. Алардын ордуна башка төрт талапкерди өткөн аптанын аягында көрсөтүштү. Ошондуктан кеч карап калдык. Мени өкүндүргөнү, буга чейинки тажрыйбаларды эске албай, мурункудан сабак албай, бир эле талапкерди кайра-кайра сунуштап жатышат. Соңку сунушталган төрт талапкердин үчөө да мурун эле коалициялык көпчүлүктүн сынынан өтпөй калган талапкерлер эле. Ошолор эле кайра келди. Бул талапкерлердин жетишсиздигин, аздыгын эмес, кандайдыр бир кызыкчылыктардан улам ошол талапкерлерге байланып калышканын көрсөтүп турат. Биз бул оорудан кутулушубуз керек. Экинчиден, коомдо терс пикир жаратпаган, ак иши менен аты айтылган, таза талапкерлерге көңүл бурушубуз керек.

Мыйзамга ылайык, Сотторду тандоо кеңеши 24 адамдан турат. Анын үчтөн бир бөлүгүн Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк, дагы ушунчасын парламенттик оппозиция, калганын Соттор кеңеши көрсөтөт.

Сотторду тандоо кеңешинин мурунку курамынын иши мындан бир жарым жылдай мурун мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Буга президент Алмазбек Атамбаевдин айрым бир алешемдиктерден улам аталган кеңеш тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деген Жогорку Кеңешке жазган каты негиз болгон. Мыйзам өтө чукул шартта кабыл алынган. Жаңы мыйзамдын айынан депутаттар Сотторду тандоо кеңешинин курамын жайкы эс алууга кеткиче шайлап үлгүрбөй калышкан болчу.

Сотторду тандоо кеңеши иши токтоп тургандыктан, ушул тушта Кыргызстан боюнча жүзгө жакын судьянын орду бош турат.

XS
SM
MD
LG