Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Азербайжан коргонуу бюджетин дагы 1 млрд. долларга көбөйтөт


Азербайжан бийлиги 2015-жылы өлкөнүн аскерий коргонуу бюджетин мурдагы 3,8 млрд доллардан 4,8 млрд долларга көтөрүү чечимин кабыл алды. Азербайжан каржы министри Самир Сарифов мындай чечим Армениянын Тоолуу Карабак аймагындагы окупациялык жана провокациялык аракеттерине да байланыштуу деп маалымдады.

Армения менен Азербайжан акыркы беш жылда аскерий бюджеттерин бир нече жолу көтөрүшкөн.

12-ноябрда Ажербайжан аскерлери Армениянын тик учагын атып түшүргөндөн кийин эки өлкө ортосундагы чыңалуу кескин өскөн.

XS
SM
MD
LG