Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Нигериядагы теракт ондогон адамдын өмүрүн алды


Акыркы маалыматтар боюнча, Нигериядагы теракттан набыт кеткендердин саны 120 адамга өсүп жетип, жаракат алгандар 270 адам болду. Кано шаарынын мечитинде жума намазы окулуп жаткан учурда мечиттин жанында кеминде эки жолу жардыруу болгон. Андан соң жоочулар тобу аман калгандарга ок жаадырышкан.

Бул чабуу боюнча жоопкерчиликти азырынча эч ким моюнуна ала элек. Бирок бийликтегилер жардырууга “Боко Харам” тобунун тиешеси бар деп түкшүмөлдөөдө. Аталган топ ушу тапта Нигериянын түндүк-чыгышындагы бир нече шаарларды көзөмөлдөп турат.

Байкоочулардын айтымында, жардыруу өткөн жумада элди “Боко Харамга” каршы куралдуу каршылык көрсөтүүгө чакырган жергиликтүү мусулман лидери Ламидо Санусиден өч алуу актысы болушу ыктымал.

Акыркы беш жылда Нигерияда “Боко Харам” жоочулар тобунун колунан 10 миң адам өлүп, 1,5 миллиондон ашуун адам качкынга айланган.

Нигериядагы терактты БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун айыптап чыкты.

XS
SM
MD
LG