Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

ЖК комитети башка өлкө жарандарынын мүлк укугу боюнча мыйзам долбоорун жактырды


Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары боюнча комитети башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктарга мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорду жактырды. Аталган мыйзам долбоорду “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан. Анын айтымында, мыйзам долбоор башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргыз мигранттарын колдоо максатын көздөйт.

Демилгени буга чейин талкуулоо учурунда чек аралаш аймактардагы жер тилкелеринин сатылып кетишине жол ачылат деген кооптонуу айтылган. Мындан улам Кыргызстан менен чек аралаш Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Тажикстандын жарандыгын алган адамдарга кыргыз жергесинен мүлк сатып алууга тыюу салынды. Бул төрт өлкөдөн башка мамлекеттердин жарандыгын алган кыргызстандыктар Кыргызстанда мүлк сатып алышына уруксат берилет.

Бул мыйзам долбоор буга чейин Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG