Жарылуудан бир адам каза таап, ондогон кишилер жараат алганы маалымдалды. Ооган полиция башчысы Абдул Рахман Рахиминин айтымында терактты 16 жашар бала жасаган деп боолгонууда.
Окуя “Истиклал” француз орто мектебинде майрамдык сахнаны жасалгалоо жүрүп жаткан залда болгон. Иш чарага беш жүздөй адам топтолгон.
Ушул эле күнү эрте менен Кабулдун четинде жаңкечтинин жардыруусунан алты аскер каза болгон.
Ал арада Франция тышкы иштер министри Лоран Фабиус террордук аракетти айыптап, өлгөндөрдүн арасында француздар жок экенин маалымдады.
Жардырууларды талибандар өз мойнуна алды.