Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Өздүк маалымат бербегенге чара көрүлөбү?


Өлкө боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырууга 3 млн. 884 миң 270 киши милдеттүү.
Өлкө боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырууга 3 млн. 884 миң 270 киши милдеттүү.

Вице-премьер Тайырбек Сарпашев мамлекеттик тейлөө кызматтардан пайдаланган учурда биометрикалык маалымат тапшырбагандар үчүн чектөө киргизүүнү сунуштады.

Укук коргоочулар бул демилге жарандардын укугун бузарын айтышууда.

Биометрикалык маалыматтарды тапшырбагандарга 2015-жылдын жаз айларынан тарта мамлекеттик кызматтарды пайдаланууга чектөө киргизүү сунушун вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 12-декабрь күнү Бишкек тургундары менен жолуккан учурда айтты. Сарпашев бул кадам жарандардын өздүк маалыматтарын топтоону тездетиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдиргендей, эгер бул демилге ишке ашса, биометрикалык каттоодон өтпөгөндөргө төмөнкүдөй чектөөлөр коюлушу мүмкүн:

Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

- Биометрикалык маалыматтарды топтоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Кыргызстандын 16 жаштан өткөн ар бир жараны өздүк маалыматтарын тапшырууга милдеттүү. Азырынча эч кандай катуу талаптар жок, бирок февралдын аягына барып чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Мисалы, паспорт, айдоочулук күбөлүк алуу же башка документтерге ээ болуу үчүн жаран сөзсүз түрдө биометрикалык каттоодон өтүшү зарыл. Эгер өтпөсө, керектүү кагаз берилбейт.

Өкмөт келтирген негиздемеге ылайык, жогорудагыдай тажрыйба Европанын бир катар өлкөлөрүндө колдонулган. Ал эми Монголияда биометрикалык маалымат тапшырбаган киши мамлекеттен сыртка чыгарылбайт. Бирок укук коргоочулар эл арасында толук кандуу түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй туруп чектөө киргизүү кадамы атуулдардын укугун бузарын белгилешет.

Жарандык коомдун өкүлү, жалалабаддык юрист Абдуназир Маматисламовдун айтымында, учурда эл арасында “өздүк маалыматтарды тапшыруу шайлоо үчүн гана керек”,- деген түшүнүк бар:

Биометрикалык маалымат тапшыруу. Кыргызстан.
Биометрикалык маалымат тапшыруу. Кыргызстан.

- “ Жеке маалыматты тапшырбаган жаранга төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилет” деп жазылган мыйзам барбы бизде? Мыйзам жок болгондон кийин бул демилгени ишке ашыруу укуктук нормаларды бузат. Азыр эл арасында биометрикалык маалымат боюнча түшүнүк төмөн. Өкмөт башында бул таза шайлоо үчүн зарыл экенин гана кайта-кайта айткан. Негизги максатын түшүндүргөн жок. Ошону түшүндүрсө, эч кандай талапсыз эле эл өзү тапшырат.

2015-жылдан тарта бир катар мамлекеттер чет элдиктерди биометрикалык паспорт менен гана өз аймагына киргизе баштайт. Бул ыкма жаран жөнүндөгү маалыматтарды тактоону жөнөкөйлөтүү үчүн зарыл.

Биометрикалык паспортко өтүү учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө кызуу жүрүп жатат. Сентябрдан бери Кыргызстандын бардык аймактарында жарандардын өздүк маалыматтарын топтоочу борборлор иштөөдө.

Биометрикалык маалымат тапшырууда көз карегинин түзүлүшү да алынат.
Биометрикалык маалымат тапшырууда көз карегинин түзүлүшү да алынат.

Жалпысынан өлкө боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттүү 3 млн. 884 миң 270 киши бар. Мыйзамга ылайык, алардын баары 2015-жылдын августуна чейин каттоодон өтүшү зарыл. Бирок каттоо борборлору жумушчу күндөрү гана иштегендиктен, айрым жарандар убакытка байланыштуу дагы эле каттоодон өтпөй жүрөт. Бишкектин тургуну Бурулай Сарыбашева мындай шартта атуулдарга талап коюуну туура эмес деп эсептейт:

- Мен түшүнүп турам, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу кыргыз өкмөтүнүн гана эмес, эл аралык нормалардын талабы. Бирок аны “ушул убакыт аралыгында гана тапшыр, болбосо мындай чектөө коюлат” деген сунушту туура эмес деп эсептейм.

Учурда биометрикалык маалымат тапшыруу жагынан мамлекеттик кызматкерлердин, бюджеттен айлык алгандардын активдүүлүгү жогору экени айтылууда. Расмий кабарларга ылайык, үч жарым ай ичинде биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын саны 1 миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG