Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Парламенттик шайлоого даярдык солгун


Каржы министрлигинин маалыматы боюнча шайлоону уюштурууга 2015-жылдын бюджетинде 230 миллион сом каралган.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча шайлоону уюштурууга 2015-жылдын бюджетинде 230 миллион сом каралган.

Ушул күнгө карата 3 миллион 700 миң шайлоочунун ичинен 35 миң жарандын гана биометрикалык маалыматы чогултулган.

2015-жылкы парламенттик шайлоону акыйкат өткөрүүнү техникалык жактан камсыздоого камылга жай жүрүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова жарандардын бирдиктүү биометрикалык базасын түзүү иши жүрүп жатканын билдирди.

“Республика” фракциясынын жетекчиси Максат Сабиров эмдигиче биометрикалык жабдуулар толугу менен алынып келине электигин сынга алды. Жыйында бирдиктүү биометрикалык базанын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо маселеси көтөрүлдү.

Карайлаткан каражат

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын жыйынында келерки парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланды. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча шайлоону уюштурууга 2015-жылдын бюджетинде 230 миллион сом каралган. Бул каражат уюштуруу иштерине, техникалык камсыздоого жана шайлоо комиссияларынын эмгек акысына чегерилет.

30-октябрь, 2010-жыл
30-октябрь, 2010-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүдө жаңы санариптик жабдууларды сатып алууга кошумча каражат сураган. Борбордук казыналыктын башчысы Алмаз Бакетаев анын каржы булактары учурда изделип жатканына токтолду:

- Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жараянындагы добуш берүүдө жана добуштардын жыйынтыгын чыгарууда жаңы технологияларды колдонуу үчүн 13 миллион 445 миллион доллар керек экенин сураган. Биз учурда мына ушул каражатты каяктан алабыз деп ойлонуп жатабыз. Бул каражат бюджеттен же эл аралык донорлор тарабынан болушу мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да биз бул каражатты табууга милдеттүүбүз.

Шайлоону автоматташтыруунун артыкчылыгы

Өз кезегинде БШКнын өкүлү парламенттик шайлоонун акыйкат өтүшүн техникалык камсыздоо үчүн ПРООН жана Евробиримдик сыяктуу эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүүгө убада бергенин билдирди. Бул долбоорго ылайык, шайлоонун жаңы автоматташтырылган модели колдонула турганы белгилүү болду. Аталган автоматташтырылган система шайлоочунун бир нече жолу добуш берүүсүнө жол бербей турганы айтылды. Мындай система учурунда Монголияда киргизилип, ийгиликтүү жыйынтык бергени белгиленди.

БШКнын төрага орун басары Гүлнара Журабаева добуш берүүнүн жыйынтыгына адамдын таасир этүү фактору болбойт деп ишендирди:

- Биз мына ошол моделди улуттук кеңешке сунуштаганбыз. Анан улуттук кеңеш аны жактырып, "Шайлоо жөнүндө" мыйзамга анын өзгөчөлүктөрүн киргизүү маселесин белгилеген. Мына ошондуктан биз азыр "Шайлоо жөнүндө" мыйзамга мына ошол техникалык мүмкүнчүлүктөргө байланышкан сунуштарды киргизип жатабыз. Бул автоматташкан система аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүүгө мүмкүн болбой калат.

Бирок мындай жүйөлөргө бардыгы эле макул эмес. Анткени ал үчүн жарандар толугу менен биометрикалык паспорттор менен камсыз болууга тийиш. Ал эми аны толук ишке ашырууга бардык жагынан мүмкүнчүлүк аз экени көрсөтүлдү. Анан калса ушул күнгө карата 35 миңдин айланасындагы жарандын гана биометрикалык маалыматы чогултулган.

“Республика” фракциясынын жетекчиси Максат Сабиров өкмөттүн бул жааттагы ишин жетишерлик эмес деп табуу демилгесин көтөрдү:

- Биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн керектеле турган 950 жабдуунун азыркы учурда болгону 110у гана алынып келип, иштеп жатыптыр. Калганы качан келет? Эмнеге кечеңдеп жатат? Ошонун айынан азыркы күндө 3 миллион 700 миң шайлоочунун отуз беш миңи боюнча гана биометрикалык маалымат чогултулган экен. Мына ушундай ыргак менен барсак, анда биз шайлоого чейин үлгүрбөй калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан биз өкмөттүн бул маселе боюнча ишин жетишерлик эмес деп табышыбыз керек.

Кепилдик керекпи?

Бирок өкмөттүн өкүлү Алтынбек Эргешов бул өнөктүк учурда түзүлгөн иш-мерчем боюнча баратканын айтып, аны аягына чыгарууга убакыт бар деп ишендирди. Мына ошондуктан бир катар фракция жыйыны бул боюнча өкмөттүн ишине баа берүүгө азырынча эрте деген жыйынтыкка келди.

“Республика” фракциясынан депутат Роза Акназарова маселенин өзөгү бирдиктүү биометрикалык базанын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоодо экенин айтты:

- Биометрикалык бирдиктүү базанын коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө кепилдик бере турган иш-чараларды иштеп чыгууга тийишпиз. Анткени аны бирөөлөр каалагандай пайдаланууга жол берилбеши керек. Ошондуктан шайлоо учурунда базага бирөөлөр гана ээлик кылып албашы үчүн анын резервдик көчүрмөсүн сактап, ага көз каранды эмес байкоочулар көзөмөлдүк кылыш керек. Мына ошондо гана биз чыныгы таза шайлоону өткөрүүнү камсыздаган болобуз.

Депутат Роза Акназарова милдеттүү биометрикалык маалымат чогултууну тездетүү үчүн жарандарга атайын чараларды киргизүүнү сунуштады. Буга мисал катары документ берүүдө жарандан биометрикалык каттоодон өтүшүн талап кылуу жагы демилгеленди.

XS
SM
MD
LG