Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Түркияда жыйырма үч журналист камалды


"Заман" гезитинин тарапташтары "Эркин пресса унчукпай кое албайт" деп кыйкырууда. Түркия. 14-декабрь, 2014-жыл.
"Заман" гезитинин тарапташтары "Эркин пресса унчукпай кое албайт" деп кыйкырууда. Түркия. 14-декабрь, 2014-жыл.

Түркияда оппозициячыл диний ишмер Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген шек менен ондогон медиа-каражаттарынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлдү.

Камалган 23 журналисттин арасында "Samanyolu" маалымат борборунун башчысы Хидайет Каража жана “Zaman” гезитинин редактору Экрем Думанлы да бар.

Стамбулдун баш прокурору Хади Салихоглу билдиргендей, журналисттерге “мыйзамсыз уюм түзүүгө жана өлкөдөгү бийликти кулатууга аракет кылган” деген айып тагылууда. Алар менен бирге гүленчил деп шектелген бир катар маалымат каражаттарынын менеджерлери жана башка кызматкерлери да кармалганы кабарланды. Камакка алынган “Саманйолу” телеканалынын башчысы Хидайет Каражанын адвокаты Фикрет Дюран буларды айтты:

- "Саманйолу" телеканалын көндүрө алышпай койгон сон, бул жолу полиция камакка алуу жана түрмөгө камоо менен коркутуп, оозун жабууга аракет кылып жатышат. Бул чын-чынына келгенде сөз эркиндигине, медианын көз карандысыздыгына каршы чабуул, кысым деп айтсак болот. Мыйзамды, укукту жамынган гана зордукчул аракет.

Жергиликтүү агенттиктер тинтүүлөр Стамбулда жана башка 12 шаарда жүргүзүлгөнүн маалымдашты.

Өкмөт өкүлдөрү бул рейд боюнча маалымат берүүдөн баш тартышууда. Ал эми саламаттыкты сактоо министри Мехмет Муезиноглу жамандык кылгандар жогорку баага кирептер болоорун билдирди.

Түркиядагы оппозицлык турумду карманган Республикалык-элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу журналисттерге сүйлөгөн сөзүндө:

- Ушу тапта биз көрүп жаткан жараян чыныгы демократияда боло турчу көрүнүш эмес. Муну кол салуу деп айтсак болот. Биз ар дайым кысымга тушуккандардын жанында болуп, аларга колдоо билдиребиз. Муну көпчүлүк билип коюшу керек. Таң атпай журналисттер камакка алынып, гезиттер, телеканалдар кысымга тушукканын биз кабыл ала албайбыз, - деп билдирди.

Жекшемби күнү эртең менен полиция “Zaman” гезитинин башкы кеңсесин тинтүүгө келгенде, гезиттин ондогон жактоочулары алардын жолун тороп, кеңсеге киргизбей, эч кимди кармоого жол бербей койгон.

“Zaman” гезитинин кызматкерлери рейд жөнүндө бир күн мурда Твиттердеги Фуат Авни аттуу колдонуучунун жазгандарынан улам билишкен. Ал өз булактарына таянып, алдыда болчу тинтүүлөр жөнүндө кабарлаган.

Ошентсе да полиция кызматкерлери түштөн кийин гезиттин редактору Экрем Думанлыны кармап кетишти. Ал кетип баратып, "Кылмыш кылгандар корксун, биздин корко турган эч нерсебиз жок”, - деп айтты.

Бул тинтүүлөр Режеп Тайип Эрдоган премьер-министр болуп турган кезде, анын өкмөтүнүн бир катар мүчөлөрү коррупция боюнча чуулгандуу иштерге айыпталгандан туура бир жыл өткөндөн кийин башталды.

Анда Эрдоган тергөөнү баштагандар анын өкмөтүнө көлөкө түшүрүүнү көздөгөн, “мамлекет ичинде мамлекет болгусу келген” уюмга караштуу экенин да ишара кылган.

Байкоочулар Эрдоган муну менен АКШда жашаган, теги түрк, таанымал ойчул жана диниятчы Фетхуллах Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды күнөөлөп жатканын айтышкан.

1999-жылы өлкөдөн чыгып кетип, АКШда жашаган Фетхуллах Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG