Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев малды идентификациялоо боюнча биринчи өнөктүк акысыз болоорун маалымдады. Бирок кийинкилерине акы төлөнөт. Азырынча бир эн белгинин баасы 1 евро, ал эми кызматы 200-300 сом тураары болжолдонууда.
Сарпашев Айыл чарба жана мелиорация министрлиги эл аралык уюмдар менен идентификациялоо боюнча системаны иштеп чыгуу иштери башталганын билдирди. Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуунун шартына ылайык, Орусия 200 миллион, Казакстан 100 миллион АКШ долларын кайтарымсыз берет. Казакстандын кайтарымсыз каражатынын 20 миллионун идентификацияга жумшоо пландалууда. Аталган каражат түшкөндөн тартып идентификациялоого тендер жарыяланып, тиешелүү иштер башталат.
Буга чейин Польша дагы малды идентификациялоого жардам берүүгө макулдугун берген эле. Малга паспорт берүү маселесин 2009-жылы вице-премьер-министр кезинде Акылбек Жапаров көтөрүп чыгып, сынга кабылган болчу. (TSh)