Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:20

Москвада Алексей Навальный кармалды


Алексей Навальный Манеж аянтына барганда кармалды. 30-декабрь, 2014-жыл
Алексей Навальный Манеж аянтына барганда кармалды. 30-декабрь, 2014-жыл

Алексей Навальный өзүнүн тарапкерлери чогулган Манеж аянтына бара жаткан маалда, “Националь” мейманканасынын тушунан полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу социалдык тармактарда кабарланды.

Шейшемби күнү эртең менен Алексей Навальный жана анын бир тууганы Олег Навальныйга карата чыгарылган соттун чечимине каршы чыккан оппозициячыл саясатчынын Манеж аянтына чогулган тарапкерлери “Унутпайбыз, кечирбейбиз”, “Путинсиз Орусия”, “Эркиндик” жана башка ураандарды көтөрүп алышкан. Алардын аракеттерин мыйзамсыз деп атаган полиция кызматкерлери чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды.

Навальныйды колдоо боюнча акциялар Орусиянын дагы бир нече шаарларында өтүүдө. 30-декабрда Москванын Замоскворецкий райондук соту ага-ини Навальныйларга “Ив роше” компаниясынын иши боюнча өкүм чыгарып, орус оппозициясынын өкүлү Алексей Навальныйды үч жарым жылга шарттуу кескен. Анын бир тууганы Олег Навальный үч жарым жылга эркинен ажыратылды. Алексей Навальный чечим күчүнө киргенче үй камакта кала берет.

Адвокаттар соттун чечими боюнча жогорку инстанцияларга доо арыз менен кайрылаарын билдиришкен.

Алексей Навальный кезинде коомчулукка Орусиянын жогорку бийлик чөйрөлөрүндөгү же аларга жакын адамдардын коррупциялык иштерин ашкерелөө менен таанылган. Оппозициялык активист буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниети бардыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG