Президент Александр Лукашенконун айтымында, 2015-жылдагы Беларустун башкы максаты экспортту диверсификациялоо жана Орусияга болгон экономикалык көз карандылыкты азайтуу болот. Ал бул жөнүндө 30-декабрда жаңы премьер-министр Андрей Кабяков менен жолгушууда айтты. “Биз бир же бир жарым базарга көз каранды боло албайбыз. Ырас, Орусия биздин агайыныбыз, досубуз. Бирок, биз акыркы кездеги алардын жүрүм-турумун көрүп жатабыз,” - деди Лукашенко.
Ал жакында орус акчасы рубль кунун жоготконго байланыштуу Беларус өкмөтүнө Москва менен соода-сатыкты АКШ долларында жүргүзүүнү буйруган.