Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

АКШ Түндүк Кореяга каршы санкция киргизет


АКШ Sony компаниясына киберчабуул жасаганы үчүн Түндүк Кореяга, анын ичинде өкмөт менен байланышы бар адамдарга жана компанияларга кошумча санкция киргизет.

Ак Үйдүн маалыматына караганда, курал-жарак, чалгын менен алектенген мамлекеттик компаниялар жана Орусия, Иран, Сирия, Кытай жана Намибияда иштеген 10 түндүк кореялык аткаминер кара тизмеге илинет.

ФБР Түндүк Кореяны Sony компаниясынын электрондук ресурстарын талкалады, анын арты менен каржылык каатчылык алып келүүнү, компания кызматкерлерин коркутууну көздөгөн деп айыптоодо. Расмий Пхеньян аны четке кагып келет.

АКШ бул санкциялар Түндүк Кореяга каршы жооптун биринчи бөлүгү экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG