Кечээ кечинде Ысык-Көлдөн келе жатып ырчы Гүлзат Батырканова жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ырчынын жакын санаалашы, журналист Арстанбек Абдыманов кабарлады.
Кыргызстандын Эл артисти Шахра Талипованын кызы, ырчы Гүлзат Батырканова 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында туулган.
Батырканова «Карай берем», «Өмүр жазым», «Жүрөлүчү эскерип», «Айта көрбө» ж.б. ырлардын автору. Акыркы убактарда Коомдук телеканалдын “Сармерден” шоу-программасында алып баруучу болуп эмгектенип жаткан. (МТо)