Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Казакстанда «Таблиги жамааттын» дааватчылары соттолду


Талды-Курган шаарында сот Казакстанда тыюу салынган диний «Таблиги жамаат» кыймылынын беш өкүлүн эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратты.

Соттолгондордун бешөө Бангладештеги диний окуу жайларга бир нече жолу барып окуп келген жана үйдө чогулуп, экстремисттик мүнөздөгү сөздөрдү сүйлөшкөн деп айыпталган.

Соттолгондордун бири Руслан Кайранов күнөөсүн моюнуна алып, жазасын жеңилдетүүнү суранды. Калгандары күнөөлөрүн моюндашкан жок. Алардын бири Айхан Курмангалиев өзүн антитеррордук өнөктүктүн курмандыгы катары сүрөттөдү. Сот Руслан Кайрановду бир жарым жылга, калгандарын бир жыл, сегиз айга кести.

XS
SM
MD
LG