Бүгүн, 19-январда Женевада БУУнун Адам укуктары комитети Кыргызстандын экинчи улуттук баяндамасын талкуулайт. Ал үчүн кыргыз өкмөтүнүн алдындагы адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасы, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган топ Швейцарияга жекшембиде жөнөп кеткен. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
БУУнун 2008-жылы кабыл алынган декларациясына ылайык, уюмга мүчө 193 мамлекет ар беш жыл сайын өз өлкөсүндө адам укуктарынын сакталышы боюнча жасалган иштер тууралуу эл аралык коомчулукка маалымдап турушу керек.
Кыргыз өкмөтү алгачкы баяндамасын 2010-жылы сунуштаган.
Эл аралык уюмдардын анализдеринде Кыргызстанда абактардагы кыйноолор, этникалык жана жыныстык азчылык өкүлдөрүнүн укуктары негизги маселе катары көтөрүлүп келет. (SE)