Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

ЕБ мусулман өлкөлөр менен анти-террор долбоорлорун түзөт


Европа Биримдигинин тышкы саясатын тейлеген Федерика Могерининин билдиришинче, Париждеги чабуулдан кийин Түркия, Египет, Йемен, Алжир, Перси булуңундагы өлкөлөр жана башка мусулман мамлекеттер менен терроризмге каршы күрөш боюнча кызматташтыктын деңгээлин көтөрүү боюнча алдыдагы апталарда конкреттүү долбоорлор түзүлгөнү жатат. Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө Могерини ошондой эле террордук уюшмалардын каржыланышын чектөө, Европа Биримдигиндеги араб тилдүү жамааттар менен алаканы бекемдөө, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен кызматташттыкты күч алдыруу максатында «коопсуздук элчилерин» жиберүү сыяктуу чаралар каралып жаткандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG