Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Салянованын арызы табышмак бойдон калды


Ак үйдүн алдындагы Салянованы колдогон акция. 21-январь,
Ак үйдүн алдындагы Салянованы колдогон акция. 21-январь,

Жогорку Кеңеш Аида Салянованын кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды. Салянованын арызы талкууланып жаткан кезде аны колдогон 50дөй адам Ак үйдүн алдына акцияга чыкты.

Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда Салянованын отчет берүүсүн талап кылган, ага каршы кылмыш иши козголушу керек деген депутаттар да болду. Салянованын арызын буга чейин президент кабыл алып, кызматтан бошотуу сунушун парламентке жөнөткөн болчу.

"Эл сени менен"

Ак үйдүн алдына мурдагы Башкы прокурорду колдоп чыккандар анын кызматтан кетишин саясат менен байланыштыршты. Колдоруна “Биз сени коргоп калабыз”, “Ишиңди аягына чыгар”, “Эл сени менен”, “Салянова саясаттын курмандыгы” деген сыяктуу жазууларды кармап турушту:

- Митингди эч ким уюштурган жок, биз өзүбүз келдик. Бир дагы баш прокурор мындай иштеген эмес. Салянова таза иштеп жаткан. Баштаган ишин аягына чыгарып кетсин деп суранам. Аида эч нерседен коркпосун, эл аны менен. Андан көрө келип иштеп берсин, кызматынан кетпесин. Аида Салянова кыргыздын чыгаан кыздарынын бири. Аны көрө абагандар, жеп-ичкендер түрткүлөп, атайын уюштуруп жатышат.

Салянованын арызы канааттандырылды, бирок...

Ал ортодо Жогорку Кеңеште Аида Салянованын арызы канааттандырылды. Бирок талкуу талаш-тартыш менен коштолуп, айрым депутаттар Салянованын парламентке келип, отчет беришин талап кылышты. Алардын бири “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев болду:

- Мыйзамдуулукту сактаган, коррупция менен күрөшкөн, мамлекеттик чоң кызматта отурган адамды, кечээ эле эч кайда кетпейт, президенттикке татыктуу деген адамды чакырып, укпай туруп, кетиргени жатабыз. Саясатта салт деген болуш керек да. Иштегенден кийин отчет бериши керек болчу. Буга чейин “эр жүрөк, кыз Сайкал” деп мактап келсек, эмнеге парламентке келбейт? Бул туура эмес да.

Салянованы колдоп чыккандар
Салянованы колдоп чыккандар

​Мындай пикирге депутат Равшан Жээнбеков да кошулду. Ал парламентти президенттин чечимдерин кынтыксыз аткарып жатат деп айыптады:

- Президенттен келген чечимдин баарын эле "ураалап" колдой берүү парламентке кадыр-барк алып келбейт. Баш прокурорду сөзсүз түрдө парламентте талкуулап, коомдо болуп жаткан маселелерге парламент өз оюн айтыш керек болчу. Бирок биз андай кыла албай жатабыз. Биздин мамлекетте ким "кожоюн" экенин дагы бир жолу көрүп жатабыз. Урматтуу президенттин өкүлү, коррупция менен күрөшкөнү туура болсо, анда силер Салянованы колдошуңар керек болчу. Эгер туура эмес десеңер, анда силер бардык мамлекеттик кызматкерлердин аң-сезимин өзгөрттүңөр, силерге ишенгенге болбой турганын көрсөттүңөр.

Салянованын отставкасына байланышкан суроолорго президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев жооп берип жатты. Ал "Баш прокурорду кызматынан кетүүгө мажбурлашты" деген дооматты четке какты:

- Саляновага басым жасалган жок. Ал өзүнүн ыйгарым укугунан пайдаланды. Аны күчкө салып алып келип, иштеткенден пайда чыкпайт. Өзүңөр деле билесиңер, ал бир сырдуу, сөзүнө бекем турган адам экен. "Өзүм чечим кабыл алдым, ошонун негизинде бошоткула" деп туруп алды.

"Саясий маданияттын үлгүсүн көрсөттү"

Салянованын арызын 20-январда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети канааттандырган. Аталган комитеттин төрага орун басары, Социал-демократтар фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев Салянованын чечимин саясий маданияттын үлгүсү деп баалады:

- Аида Жеңишбековна жакындарына укук коргоо органдарынан доомат болуп жатканда кызматынан чегинип, жаңы саясий маданияттын үлгүсүн көрсөтүп жатат. Биз ошону сыйлашыбыз керек.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Вице-спикер, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Асия Сасыкбаеванын пикиринде, Салянованын отставкасынын саясий өңүтү бар:

- Жөн эле кетиши мүмкүн эмес. Баш прокурор деген жөнөкөй кызмат эмес. Бул жерде кандайдыр бир оюндар болуп кетти. Кайсы бир саясий топтордун да таасири болду деп ойлойм. Балким бирөөлөргө анын орду керек болгондур. Балким Саляновада жашыруун маалыматтар болгондур.

Деген менен парламенттеги кызуу талаш-тартыштардан соң депутаттардын көпчүлүгү Салянованын отставкасын колдошту. Тагырак айтканда, 57 депутат колдоп, 18 депутат каршы добуш берди. Жыйында жалпы 90 депутат катталган. Эрежеге ылайык, жалпы депутаттардын үчтөн бири колдосо,арыз канааттандырылды деп эсептелет.

Кийинчерек Салянованын отставкасына каршы добуш бергендер "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары экени белгилүү болду. Фракция депутаты Ташболот Балтабаев "Ата Мекендин" чечимин мындайча түшүндүрдү:

- Биринчиден, жакында эле президент Салянова коррупцияга каршы ат көтөргүс иштерди жүргүзүп жатат, ал отставкага кетпейт деп айткан. Экинчиден, жыйынга келип кызматтан кетип жаткан себебин өзү айтсын дедик. Антпесе, кызматтан кетип жатышы бүдөмүк, мүмкүн ал жерде интрига болуп жатат дедик. Бул өтө орчундуу кызмат. Салянова үлкөн кызматта тургандарга кылмыш ишин козгоп, саясатта болуп көрбөгөндөй бурулуш жасады. Анан кантип ит куугандай кетирип ийебиз деген принципте каршы болдук.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” комментарий берип жатып, Салянованын чечимин сыйлоо керектигин айтты. Анын отставкасын өз кызыкчылыгына пайдалангысы келген күчтөр бардыгын кыйытты:

- Азыр эми ар ким ар кандай нерсени айтып жатат. Аида Жеңишбековнаны пайдаланып, чыр чыгаргысы келгендер бар. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалангысы келип жаткандар бар. Аида Жеңишбековна абдан акылдуу адам. Эгер Жогорку Кеңешке келип, отчет бергиси келбесе, демек анын да өзүнүн жүйөсү болсо керек. Кандай болсо да Аида Жеңишбековнанын позициясын, чечимин сыйлашыбыз керек. Ал кимдир бирөөнүн мажбурлоосу менен иш кыла турган адам эмес.

Аида Салянова кызматтан кетүү тууралуу президентке арызын 19-январда жазган. Андан көп узабай жолдошу Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иш козголгону ачыкка чыкты. Атайын кызмат иликтеп-териштирүүнүн жүрүшүндө Абдыкапаров “Тазалык” ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишти кыскартууга жардам берем деп алдап, 50 миң доллар алганы белгилүү болду деп маалымдады. Салянова күйөөсү жөнүндө айтылгандардын баары калп, убагы келгенде бардык жагдайлар ачыкка чыгат деп “Азаттыкка” комментарий берди.

Салянованы колдоп митингге чыккандар
Салянованы колдогон митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

XS
SM
MD
LG