Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, экологиялык инспекциянын К.М. аттуу мурдагы директору кызматкерлерге сыйлык үчүн берилгнен 90 миң сомду өзүнө ыйгарып алган. Аталган каражат Айлана-чөйрөнү коргоонун дүйнөлүк күнүнө карата бөлүнгөн. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 304-беренесине ылайык (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголду.
Бишкек милициясы тараткан маалыматта учурда айыпталган адам Нарын облусунун Кочкор районунда акимдин орун басары болуп иштеп жатканы белгиленген. (КЕ)