Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:16

ММКны каттоону ирээтке келтирүү сунушталууда


Кыргыз гезиттери
Кыргыз гезиттери

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоор боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Ага ылайык, бул долбоордо мындан бир канча жыл мурун катталып, учурда кайсы бир себептерден улам чыкпай калган, маселен, негиздөөчүсү каза тапкан, же мураскери жок болуп уланбай калган, же болбосо негиздөөчүсү юридикалык тарап болгон, бирок ал юридикалык тарап жоюлуп кеткен учурда ал ММКнын соттун чечими жок эле жабуу тууралуу жобо каралган.

“Текшерип көрсөк, мындай медиа мекемелер абдан көп экен. Биз ошолорду соттун чечими жок эле жабууну сунуштап атабыз. Ал эми ушул тушта иштеп жаткан, чыгып келген ММКларды соттун чечими, же болбосо өз ыктыяры менен гана жабылат. Юстиция министрлиги сунуштап жаткан мыйзам долбоор сөз эркиндигин чектебейт”, - дейт Шыкмаматов.

Бул мыйзам долбоорго байланыштуу айрым медиа эксперттер камтамачылык билдирип жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG