Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Чубак ажы Жалиловго байланыштуу сот иши уланат


Чубак ажы Жалилов "Азаттык" радиосунун студиясында. 2010-жыл.
Чубак ажы Жалилов "Азаттык" радиосунун студиясында. 2010-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн, 3-февралда Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын мурунку жетекчиси Чубак ажы Жалиловдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин карайт. Отурум саат 14:00дө башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Акин Токтоналиев билдирди.

Чубак ажы Жалиловго карата кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2012-жылдын жылдын октябр айында козгогон. Жалилов муфтий болуп турганда ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөбөй, жашырып койгон деп айыпталууда. Бирок экс-муфтий бул иштин саясий өңүтү бар экенин билдирип келет. (SE)

XS
SM
MD
LG