Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Бишкек - Торугарт жолунда көчкү жүрүү коркунучу бар


Бул туурасында “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, азыр жолдун 313-чакырымындагы Бейше-Булак участкасында 600 метр куб өлчөмүндөгү жер көчүп кетүү коркунучу сакталууда. Бул боюнча адистердин корутундусу Транспорт жана байланыш министрлигине жөнөтүлдү.

Буга чейин 1-февраль күнү бул аймакта таш кулап, жол тазаланган болчу.(AzK)

XS
SM
MD
LG