Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Кыргыз жетекчилеринин Орусиядагы кош сапары


Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин
Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин

Алмазбек Атамбаев Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушса, Жоомарт Оторбаев Москвада Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышып келди.

Кыргыз-орус мамилесиндеги урунтуу маселелер кайсылар?

6-февралда Жоомарт Оторбаев Москвада Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешине катышты. 7-февралда президент Алмазбек Атамбаев Сочи шаарында орус президенти Владимир Путин менен бейформал мүнөздө жолугушту.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, эки президенттин сүйлөшүүсү көзмө-көз болду. Анда кыргыз-орус мамилесиндеги маселелер талкууланды:

- Жолугушуу көзмө-көз өттү. Эки тараптуу мамиледеги бардык маселелер сүйлөшүлдү.

Сапар Исаковдун айтымында, Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси жакшы өнүгүп келатат жана аткарууну болжогон долбоорлор өз нугунда баратат.

Кыргызстан менен Орусиянын Өнүктүрүү фонду учурда түптөлүп, ага 100 млн. доллар которулганы маалым. Фонддун жетекчилери да дайындалды. Ошондой эле “Газпром” Кыргызстанда өзүнүн долбоорлорун аткаруу үчүн 45 млрд. сом бөлөрүн жакында эле жарыя кылды. Бирок эки мамлекеттин ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлору азырынча аксап турат. Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди курууда финансы жана жер бөлүүдө маселелер чыгып жатканы белгилүү. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык –экономикалык негиздемесине орус тараптан жооп боло элек.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин билдиришинче, Камбар-Ата-1 боюнча Москвадан жооп күтүлүп жатат. Ал эми Жогорку Нарында курулушту жүргүзүү үчүн шарт түзүлгөн:

- Биз тараптан үч миң гектар жер бөлүнүп берилиш керек. Аны үч этап менен бөлүп беребиз деп сүйлөшкөнбүз. Эки этапка тиешелүү жерди бөлүп бергенбиз. Үчүнчү этаптагы жер калды. Эки этап менен бөлүп берген жер бүгүнкү курула турган иштерге толугу менен жетиштүү.

Жогорку Нарын ГЭСтерин салып жаткан жумушчулар
Жогорку Нарын ГЭСтерин салып жаткан жумушчулар

​Айбек Калиевдин айтымында, үчүнчү этаптагы жер кардын кетиши менен бөлүнүп берилет.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиде Владимир Путин менен жолугушуусунда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу да талкууланган. Бул маселе 6-февралда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Москвада катышкан өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында да талкууланган.

Премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Москвада Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт башчылар деңгээлинде биринчи жолугушуусу болду.

Кыргызстан эми өткөн жылы 23-декабрда кол коюлган келишимге кошумча эки протоколду кабыл алыш керек. Алардын баары март айларына даярдалып, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши боюнча келишим менен биргеликте парламенттин ратификациясына коюлат.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө жардам көрсөтүү максатында Орусия жана Казакстан финансылык жардам бөлүүнү убада кылган. Аларды бөлүүнүн абалы тууралуу Панкратов буларды билдирди:

- Орусия инфраструктура үчүн убада кылган 200 млн. доллар грант боюнча жабдуулардын тизмеси макулдашылуу алдында турат. Сатып ала турган оператор да тандалып алынууда. Казакстан менен болсо маселе сүйлөшүү деңгээлинде турат. Ал эми Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна 100 млн. доллар түштү. Фонддун жетекчи органдары дайындалып бүтөөрү менен апрел айында насыя берип, иштей баштайт.

Олег Панкратовдун айтымында, Орусиянын 200 млн. доллар гранты менен Кыргызстандын бажы бекеттери жабдылат жана лабораториялар курулат.

Кыргызстан менен Орусиянын аскердик-техникалык багыттагы кызматташуусу да орчундуу орунда турат. Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин парламенттеги билдирүүсүнө караганда, Орусия убада кылган курал-жарак, аскердик-техникалар боюнча жылыштар бар.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG