Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Ош: шаардык бюджетте стратегия эске алынбады


Ош шаарынын көчөсү.
Ош шаарынын көчөсү.

Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджети 930 млн. сомдон ашыгыраак деп бекитилди. Анда билим берүү жана коммуналдык тейлөө тармактарына басым жасалып, мугалимдерге жана медиктерге түрдүү жеңилдиктерди берүү пландалды.

Бирок ошол эле кезде стратегиялык багыттарга жана бараандуу курулуштарга эч кандай көңүл бурулбай калганын айрым депутаттар сынга алышууда. Мындан сырткары көп салыктар чогултулбай, бюджетте өсүү аз экени да айтылды.

Калаанын бир жылдык жашоо каражаты шаардык кеңештин 12-февралда өткөн 25-сессиясында жылдагыдан айырмаланып, эки саатка жетпей чечилди. Депутаттар муну бюджет долбоору менен мурдатан тааныштыгы менен түшүндүрүштү.

Ошентип Ош шаарынын 2015-жыл үчүн бюджети 930 млн. 663 миң сом деп бекитилди. Бюджет долбоорун сунуштаган 1-вице мэр Замир Аскаров негизги приоритет билим берүү жана коммуналдык тейлөө тармактары болгонун белгиледи:

Ош шаарындагы автоунаа базары.
Ош шаарындагы автоунаа базары.

- Негизги чыгымдар социалдык колдоого жана билим берүү тармактарына каралды. Мындан сырткары электр энергиясы жана башка коммуналдык чыгымдарга кетип жатат. Башкача айтканда, мугалимдерге жана медициналык персоналдардын коммуналдык каражаттарын төлөп берүү үчүн кошумча жардамды көбөйттүк. Мындан сырткары 12 аймактык кеңеште 12 балдар аянтчасын куруу да быйылкы бюджетке киргизилген.

Билим берүү тармагына ошентип 313 млн. сом 121 миң сом каралды. Бул балдардын тамак-ашы жана мугалимдердин жөлөк пулунан сырткары, мектептердин ремонтуна да жумшалмакчы. Мунун алкагында шаарда эки мектеп, эки бала бакча курулушу мүмкүн.

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр тармагына 324 млн. 907 миң сом болсо, ал шаарды жашылдандырууга, көчөлөрдү жарык менен камсыз кылууга жана башка тейлөө кызматтарына кетмекчи.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө 97 млн. 804 миң, маданият жана спорт тармагына 74 млн. 308 миң, социалдык коргоо тармагына 19 млн. 796 миң сом каралды. Мындан сырткары экономикалык тармактарга 93 млн. 885 миң сом жана коргонуу тармагына 6 млн. 838 миң сом өлчөмүндө каражат бекитилип берилди.

Бирок ошол эле кезде стратегиялык маанидеги чоң-чоң курулуштарга бул бюджеттик долбоордо көңүл бөлүнбөй калганы бир топ депутаттардын нааразылыгын жаратты.

“Улуттар биримдиги” партиясынын шаардык кеңештеги депутаты Шайлообек Атазов буларга токтолду:

Ош шаары
Ош шаары

- Маданият үйүн, жаштарга керектүү болгон спорт сарайын куруу демилгелери колдоо таппай калды. Жер шыпырууга, ж.б. майда-майда нерселер жыл сайын эле боло берет. Бирок биз жыл сайын бирден чоң-чоң курулуштарды куруп турсак, жок дегенде баштап турсак эмнеге болбосун? Маселен Ошту тегеретип бир чоң жол салып же бир чоңураак имараттарды куруп алсак деген идеяларыбыз, сунуштарыбыз колдоо таппай калды. Ушуга ичибиз чыкпады.

Ош шаарынын Башкы жана стратегиялык пландарына ылайык, шаарды айланып өтчү жолду куруу, калаа ичинде жаңы жолдорду ачуу жана инфраструктураны оңдоо сыяктуу демилгелер буга чейин көп эле айтылып келчү. Бирок быйылкы бюджеттен бул нерселерге акча каралган жок. Муну кээ бирлери “9 миң сом айлыгынын баарын ичип-жеп, кийинип, ойноп жашаган адамга” окшоштурушту. Анткени ал эртеңкиге өзүнө “үй курууну же жол курууну” ойлонгон жок.

“Интербилим” бейөкмөт уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева бюджет утурумдук көйгөйлөрдү чечүүгө гана багытталып калды дейт:

- "Жергиликтүү бюджет бул элдин проблемасын чечкенге эле багытталышы керек, ал эми стратегиялык планга киргизилген иш-аракеттерди аткарганы бизге донорлор, бейөкмөт уюмдар жардам берсин” деп мэриядагылар ачык эле айтып жатышат. Бул туура эмес мамиле. Анткени стратегиялык план, архитектуралык план бул көп жылга пландалган, ал акырындан бүтүп кете бериши керек. Азыр биздин бюджет күнүмдүк көйгөйлөргө реакция болуп жатат. Жыл сайын эле ушинте берсек, анда өнүгүү болбойт. Бюджеттин 70% шаардагы көйгөйдү чечип турууга жумшалса, жок дегенде 30% шаарды өнүктүрүүгө жумшалышы керек. Бирок азыр андай болбой калды.

Деген менен Ош шаардык мэриясы “алкымы чоң” пландарды аткарууга азырынча бюджет тартыштыгын шылтоолошот. Ошол себептүү алар чоң жол куруу, же көпүрө куруу сыяктуу иштерди бүтүрүүгө республикалык бюджет жардамга келет деп ишенет.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдувахаб Нурбаев мындай деди:

Ош шаары
Ош шаары

- Бишкектен келатып, Ош шаарына кире бергенде “Т” деген жерди баары билет. Ошол жерден Манас-Атадагы Раззаков көчөсүнө түз жол ачып чыгуу боюнча президентке кайрылуу жолдогонбуз. Ал жер 4100 чакырым, бир топ жердеги үйлөрдү бузуу зарыл. Мына салыктар эки жылдан бери өспөй атат. Маселен кыймылсыз мүлктөн түшкөн салык былтыр 58 млн. болсо, быйыл да ошондой деп белгиленип калыптыр. Үйлөр катар-катар курулуп атат го. Унаадан, ал токтогон жерден түшкөн салыктар да эч кандай көбөйтүлбөптүр. Ошого ушул салыктарды быйыл кеминде 10 миллионго көбөйткүлө деп мэрияга буйрук бердик. Эгер үч ай ичинде ушуну көбөйтө албаса, шаардык салык кызматынын жетекчисин жумуштан алабыз. Андан сырткары инвестиция, грант же насыяларды таап, шаардагы жалпы жол тыгын маселесин чечүү планы көңүл чордонунда турат.

Эки жылдан бери Ош шаарынын бюджети 700-800 млн сомдун тегерегинде болуп келчү. Бирок ошол шартта да мурдагы калаа бийлиги эстакада көпүрөнү баштап жиберип бир топ сынга кабылган. Былтыр шаардык мэрия ага жергиликтүү бюджеттен акча таба албай калып, акыры Орусиядан келген грант менен араң жабылган эле.

Быйылкы бюджеттеги 930 млн. 663 миң сомдун дээрлик 82% жергиликтүү салыктарда чогулган каражаттар түзөт. Калганы салык эмес кирешелерден жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынан турат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG