Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Киев: тынчтык келишими күчүнө киргенден кийин жикчилдер үч ирет ок чыгарды


Украинада тынчтык келишими күчүнө киргенден кийин алгачкы төрт саат тынч өткөнүн, андан кийин Чернухино жана Золотое аймактарында үч ирет ок үнү жаңырганын Мамлекеттик башкы штабдын басма сөз катчысы Владислав Селезнов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Адам өмүрү кыйылган жок.

Серепчилер бул ок атуу украин күчтөрүнүн сабырын сыноо максатында атайын уюштурулган болушу мүмкүн деп боолгоп жатышат.

Минск шаарында 12-февраль күнү Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлери жолугуп, 15-февралдан тарта ок атууну токтотууну макулдашкан. Украина президенти Петр Порошенко өкмөт күчтөрүнө жекшембинин түнүндө согуштук аракеттерди токтотууну түз эфирде буйрук кылды.

Бириккен улуттар уюму Украинада согуш аракеттери күч алгандан бери набыт болгондордун саны 5300 адамдан ашканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG