Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Армения: оппозиция нааразылык акцияларды өткөрөт


Армениядагы оппозициялык партиялар кийинки аптада Ереванда масштабдуу нааразылык акциясын өткөргөнү жатат. Буга себеп катары оппозициялык “Гүлдөгөн Армения” партиясынын лидери Гагик Царукянга карата басымдын күчөшүн аташууда. Өткөн аптада өлкө президенти Серж Саркисян Царукянды “өлкө үчүн балээ” деп атап, саясий айдыңдан сүрүп чыгаруу керектигин билдирген. Мындан соң оппозициялык саясатчы ири суммадагы салыкты төлөбөй жүрөт деген шек менен анын ишканалары текшерүүгө алынган. Оппозициялчыл партиялар болсо өз алдынча жолугушуу өткөрүп, нааразылык акция өткөрүү чечимин кабыл алышты. Царукян ага карата жасалган иштерди бийликтин куугунтугу катары сыпаттап, өз тарапкерлерин президент Саркисяндын отставкасы үчүн көчөгө чыгууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG