Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Ири банкка арам акчаны адалдоо кинеси тагылды


HSBC банкынын эн белгиси
HSBC банкынын эн белгиси

HSBC банкынын Швейцариядагы бөлүмүнө каршы кылмыш иши козголгонун бул өлкөнүн прокурорлору билдиришти. Женевадагы прокуратура баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул банкка каршы каржылык териштирүү жүргүзүп келатат. Дүйнөдөгү эң ири экинчи коммерциялык банк болгон HSBCнин швейцариялык бөлүмдөрүндө 119 миллиард доллардан ашык суммадагы арам акчаны адалдоо аракети болгондугу айтылууда.

Анын алдында интернетте эл аралык кылмышкерлердин, ишкер, саясатчы, атактуу адамдардын 60 миңден ашык жашыруун эсептери бар экендиги жөнүндө кабар таркаган эле. Бул файлдар 2007-жылы уурдалып, Франциянын өкмөтүнө берилгенден кийин бир нече өлкөдө кылмыш иштери козголгон.

XS
SM
MD
LG