Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

“Коопсуз шаар”: тендер “тегирмени” кайда айланган?


"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында көчөлөргө видео байкагычтар орнотулат.
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында көчөлөргө видео байкагычтар орнотулат.

Кыргызстанда ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу боюнча “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу кайрадан туңгуюкка кептелди.

Жол кыймылын жана коопсуздукту көзөмөлдөөнү автоматташтыруу боюнча өткөрүлгөн мамлекеттик тендердин жыйынтыгы талаштуу жагдайдан улам толук чечилбей турат.

Бул тендердин шарттары бузулду деген доомат менен Mолдовада катталган канадалык Dessa International компаниясы анын жыйынтыгын кайрадан кароого арыз бергени белгилүү болду.

Мына ошого байланыштуу негизги буюртмачы - Ички иштер министрлиги тендерде жеңүүчү деп табылган “Стилсофт Бишкек” кыргыз-орус биргелешкен компаниясы менен келишимге кол койбой турат.

Тендердин жыйынтыгы тегизби?

Жаңы жылдын алдында Ички иштер министрлигинин “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн мамлекеттик тендерге жалпысынан сегиз компания катышып, экинчи турга беш компания өткөн болчу.

Алар Huawei Technologies Co., LTD, Ozone Iletişim Teknolojileri, Anteo Worldwidе, Dessa International жана "Стилсофт Бишкек" сыяктуу Кытайдын, Түркиянын, Израилдин, Молдованын жана Орусиянын компаниялары жыйынтыктоочу турга катышкан.

Мамлекеттик тендердик комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Кенжебек Бокоев анын жыйынтыгы тууралуу буларды айтты:

- Тендердик комиссиянын ар бир мүчөсү талапка ылайык берген балл боюнча жыйынтык чыгарылды. Жашыруун үкөкчөгө эң көп балл топтогон компания тендердин шарты боюнча жеңүүчү деп табылды. Бул тендерде негизинен үч компания аягында катуу ат салышты. Ошонун ичинен кыргыз-орус биргелешкен компания жеңип чыкты. Биз да утат элек деген компаниялар өзүнүн дооматын айтып, арыз берип териштиргенге толук укугу бар.

Дооматы бар компаниялар

Долбоордогу ар бир көрсөткүч боюнча коюлган баллдын жыйынтыгы менен «Стилсофт Бишкек» деген аталыштагы орусиялык компания утуп чыгып, жеңүүчү деп табылган. Анын иш-тажрыйбасы жана техникалык мүмкүнчүлүгүнө байланышкан артыкчылыгы азырынча эч жерде жарыялана элек.

Долбоордун алкагында көчөлөрдө видео байкагычтарды орнотуу пландалууда
Долбоордун алкагында көчөлөрдө видео байкагычтарды орнотуу пландалууда

Ошол эле кезде Молдовада катталган түбү канадалык Dessa International жана түркиялык Ozone Iletişim Teknolojileri компаниялары учурда тендердин жыйынтыгын кайра кароону талап кылышууда.

Тендерге көз карандысыз байкоо жүргүзгөн эксперт Жамалбек Ырысалиев шарт боюнча иш-тажрыйбасы менен техникалык мүмкүнчүлүгүн жогору көрсөткөн компаниялар эмнегедир өтпөгөнүн белгиледи:

- Арыз берип жаткан эки компаниянын тең иш-тажрыйбасы башкаларга караганда бир топ жакшы экенинине сунуш кылынган долбоорлору боюнча тендердик комиссия күбө болгон эле. Анан эле кайдан-жайдан «Стилсофт Бишкек» деген компания чыга калып, ортодон утуп кетти. Балл коюп, добуш берүүдө комиссия мүчөлөрүнүн арасынан 4-5 киши эле ошол компаниянын кызыкчылыгына ойноп койду. Болбосо андан мүмкүнчүлүгү чоң компаниялар утуп чыкмак. Ошондуктан азыр ИИМ териштирүү бүткөнгө чейин аны менен келишим түзбөй турганы туура эле. Анткени мына ушундай чоң алкакта тендер өтүп жаткан соң кийин өкүнүп калбагыдай болушубуз керек.

Көшөгө артында “көөлөнгөн” ишпи?

Мамлекеттик тендердин шарты боюнча жол кыймылын жана коомдук жайлардагы коопсуздукту көзөмөлдөөнү автоматташтырууга уткан компания толук инвестиция алып келүүгө тийиш. Кийин ал компания жол кыймылын бузууга салынган жазананын эсебинен элүү пайыз кирешени алып турууга укук алат.

Балл коюп, добуш берүүдө комиссия мүчөлөрүнүн арасынан 4-5 киши эле ошол компаниянын кызыкчылыгына карата ойноп койду.
Жамалбек Ырысалиев

Бул долбоордун алкагында Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында көчөлөргө видео байкагычтар орнотулуп, кылмышты электрондук каттоого алуу системасы киргизилет. Мына ушундай техникалык мүмкүнчүлүктү сунуштаган компания гана тендерден утуп чыгуусу керек болчу.

Бул талаптарды так көзөмөлдөө үчүн тендердин жүрүшүндө ар бир компаниянын сунуштамасын толук экспертизадан өткөрүү керек эле дейт укук коргоочу Качкын Булатов:

- Ар бир компаниянын сунуштамасын терең иликтеп чыгып, ага экономикалык, каржылык жана техникалык экспертиза дайындалышы керек эле. Ошол компаниялардын бардыгынын сунуштамаларынын артыкчылыгы жана кемчилиги коомчулукка ачык жарыяланса, ошондо бардыгы акыйкат болмок. Ошондо гана тендерден мыктынын мыктысы утуп чыгып, долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болмок. Анан эми тендердин жарым-жартылайы ачык деген менен негизги өзөгү көмүскөдө чечилип жаткан соң анын келечегине ишенүү кыйын. Мындай жүрүш менен долбоор ийгиликтүү ишке ашуусуна күмөн бар.

Бул боюнча мамлекеттик тендерди өткөргөн Ички иштер министрлиги учурда утту деп табылган компания менен келишим түзө элек. «Стилсофт Бишкек» компаниясынын өкүлү жогорку мартабалуу чиновниктердин кызыкчылыгынан улам бул келишимге кол коюлбай калуу коркунучу турат деп интернет басылмаларга билдирген.

XS
SM
MD
LG