Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Эл артисти Уразгелдиевдин сөөгү эртең жерге берилет


Кыргыз эл артисти, искусство илимдеринин доктору, балетмейстер Роберт Уразгелдиев эртең Бишкектин түштүк-батышындагы көрүстөнгө коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маркумдун сөөгүн узатуу зыйнаты Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 10до башталат.

Уразгелдиев өз өмүрүндө «Эсмеральда», «Чоң вальс», «Жизель», «Лебединое озеро», «Щелкунчик» жана башка балеттерде ойногон.

Ал 19-февралда, оорудан улам 80 жашында дүйнөдөн кайтты. (МТо)

XS
SM
MD
LG