Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Меркел менен Олланд Украинадагы абалды талкуулашат


Германия жана Франциянын лидерлери бүгүн Парижде жолугуп, Украинанын чыгышындагы абалды талкуулашмакчы. Канцлер Ангела Меркел жана президент Франсуа Олланд бир жума мурун жетишилген Минск келишимине ортомчу болушкан. Бирок орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк аскерлер ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашканы менен, тараптар бири-бирин аны бузгандыгы үчүн айпыташууда.

Армиянын өкүлдөрү түн ичинде жикчилер Донецктин өкмөттүн көзөмөлүндөгү бөлүгүн, Курахово кыштагын, Мариуполдун жанындагы Бердянскты аткылашканын билдиришти.

Козголоңчулар болсо алардын турумдары, анын ичинде Донецк аэропорту артиллериялык аткылоого туш болгонун ырасташууда.

18-февралда өкмөттүк аскерлер Дебальцево шаарчасынан чегинген.

XS
SM
MD
LG