Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Салянованын күйөөсүнүн баш коргоо чарасы аныкталды


Аида Салянова, октябрь-2010
Аида Салянова, октябрь-2010

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун баш коргоо чарасын аныктады. Соттун чечимине ылайык ал Кыргызстандан эч жакка кетпөө тууралуу тил кат жазып, тергөө аяктаганча бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Абдыкапаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Мамлекетке өзгөчө ири зыян келтирүү” беренелери боюнча карата кылмыш иш 5-январда козголуп, кечээ “Көз боёмочулук” боюнча расмий айып тагылган. Эки айлык тергөө мөөнөтү 5-мартта аяктап, соттук териштирүү башталышы керек.

Буга чейин Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Былтыр 20-декабрда УКМК бир канча кишиден турган топ “Тазалык” ишканасына козголгон кылмыш ишин кыскартып беребиз деп алдоо жолу менен 50 миң доллар алганын кабарлаган. Алардын арасында Бакыт Абдыкапаров да бар экени айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG