Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Салянованын күйөөсүнүн баш коргоо чарасы аныкталды


27-февралда Абдыкапаровго “Көз боёмочулук” боюнча расмий айып тагылган.
27-февралда Абдыкапаровго “Көз боёмочулук” боюнча расмий айып тагылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун баш коргоо чарасын аныктады.

Абдыкапаровго Кылмыш-жаза кодексинин ““Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Мамлекетке өзгөчө ири зыян келтирүү” беренелери боюнча карата кылмыш иш 5-январда козголгон.

Абдыкапаров болсо ага коюлган күнөөнү четке какса, Аида Салянова күйөөсүнө карата козголгон кылмыш аны кызматтан четтетүү үчүн жасалганын, өзүнө жана жакындарына болгон кысымдан улам кызматтан кетип жатканын ачык айткан.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы иликтөөнүн жүрүшүндө “Тазалык” ишканасына козголгон кылмыш ишин кыскартуу үчүн 50 миң доллар кымырып алган деп айыпталып жаткандардын арасында Бакыт Абдыкапаровдун да тиешеси бар экени күбөлөрдүн түз көрсөтмөсүндө анык болгонун маалым кылган.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, сот чечимине ылайык, Абдыкапаров Кыргызстандан эч жакка кетпөө тууралуу тил кат жазып берген.

"Үй-бүлөмдү коргойм"

27-февралда Абдыкапаровго “Көз боёмочулук” боюнча расмий айып тагылган. Эки айлык тергөө мөөнөтү 5-мартта аяктап, соттук териштирүү башталышы керек.

Өткөн жылы "Абдыкапаров жубайынын бийлигинен пайдаланып, ар кандай коммерциялык кыңыр иштерге таасирин тийгизип жүрөт" деген сөз коомчулукка тараган эле.

Аида Салянова "Азаттыктын" студиясында
Аида Салянова "Азаттыктын" студиясында

Өз кезегинде Аида Салянова күйөөсүнө карата козголгон кылмыш иштерди түздөн-түз баш прокурорлук кызматына байланыштырган. Эки апта мурда өткөргөн маалымат жыйынында үй-бүлөсүн коргоп калууга болгон күчүн колдонорун билдирген:

- Иш сотко чейин жетпейт. Башка да фигуранттар аралашкан бул иш акыйкат, дыкат мыйзам чегинде тергелсе, сотко жетпей калат. Эгер сотко жете турган болсо, анда ачык сот процесстеринде коомчулук бул иштин ойдон чыгаралып, жөнү жок күнөөлөө экенин өз көзү менен көрөт. Мен деңгээлимди түшүрүп каяша айтууга, таарынганга же коркутууга бара албайм. Бул нерселерге менде моралдык чек бар. Ошол эле учурда мен үй-бүлөмдү кандай күндө болбосун коргоого бардык мүмкүнчүгүмдү колдонгонго күчүм жетет. Ошол тиш кайраган адамдарга жөн эле эскертип коёюн, мени принциптеримден кайтууга мажбур кылбагыла.

Буга чейин 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө экс-прокурордун аталаш тууганы Калый Саляновдун тиешеси бар делген маалымат чыгып, бирок кийин аны ИИМ жокко чыгарган.

Шайлоо алдында кармаш кызыды

Ал арада Салянованын жакындарына жана саясий өнөктөштөрүнө карата бийликтин кысымы эми күчөйт деген пикирлер айтылууда.

Шайлоо алдында саясий партияларда активдүүлүк да жанданды
Шайлоо алдында саясий партияларда активдүүлүк да жанданды

Экс-прокурор жаңыдан түптөгөн “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Расул Үмбөталиев шайлоо жакындаган сайын каршылаштар Салянованын колу-бутун тушаганга аракет кыла берет деген оюн ортого салды.

- Ал күйөөсүнө, байкесине ишенген үчүн алдыга саясий пландарын коюп жатат. Өзүнө ишенген үчүн саясий партия түзүп, шайлоого аттанды. Биз баарына “абайлагыла, даяр тургула, өзүңөр болбосо да туугандарыңарга, жакындарыңарга иш козголуп калышы мүмкүн” деп эскерттик.

Бирок жол тороп жаткандар кимдер экени тууралуу Салянова да, анын саясий тарапкерлери да алигүнчө ооз ача элек. Болгону президенттин айланасындагы адамдар делген божомол айтылып келет.

Аида Салянова 19-январда баш прокуролук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Кийинчерээк ал президенттен жетиштүү саясий колдоо албагандан кийин кызматтан кеткенин маалым кылган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG