Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

ЖОЖдогу коррупция боюнча комиссия корутундусу чыкты


Упайы жетпеген абитуриенттерди Медакадемияга жана Кыргыз - орус славян университетине кабыл алган фактылар аныкталганы белгиленген. (Сүрөттө: Кыргыз - орус славян университети)
Упайы жетпеген абитуриенттерди Медакадемияга жана Кыргыз - орус славян университетине кабыл алган фактылар аныкталганы белгиленген. (Сүрөттө: Кыргыз - орус славян университети)

Билим берүү министрлигинин комиссиясы Медициналык академияга окууга кабыл алуудагы “Азаттык” иликтеген коррупциялык схемаларды тастыктады.

Комиссиянын корутундусу билим берүү министрине тапшырылып, иликтөө учурунда табылган фактыларга укуктук баа берүү үчүн андан ары ишти кароо прокуратура органдарына өткөрүлүп бериле турганы жарыяланды. Бирок талдоочулар арасында бул комиссия негизинен 2012-жылдан беркисин гана карап Медакадемияга мыйзамды одоно бузуу менен упайы жетпеген абитуриенттерди 2011-жылы кабыл алган учурларды көңүл сыртында калтырганы сынга алынды.

Комиссия жалпылап тастыктайт

Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия жогорку окуу жайларына кабыл алуунун мыйзамдуулугун иликтөө боюнча өзүнүн корутундусун жарыялады. Анда негизинен Билим берүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик гранттык комиссия аркылуу упайы жетпеген абитуриенттерди Медакадемияга жана Кыргыз - орус славян университетине кабыл алган фактылар аныкталганы белгиленген. Парламенттин депутаттарынын кайрылуу каттарынын негизинде жана мурдагы билим берүү министри Канат Садыковдун жеке өзүнүн буйругу менен жөнөтүлгөн тизмелер аркылуу упайы жетпеген балдар контракттык жана бюджеттик орундарга отургузулган учурлар корутундуда көрсөтүлдү.

Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков
Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков

Комиссиянын төрагасынын орун басары Алмазбек Акматалиев бул боюнча мына буларга токтолду:

- Баса белгилеп коё турган жагдай медициналык академияда дагы, Кыргыз-орус славян университетинде дагы буга чейин жарыяланган бир топ маалыматтар тастыкталды. Иштин бардыгы министрликтин алдында түзүлгөн мамлекеттик гранттык комиссияда болгон. Анткени ал кандай ыйгарым укуктары так көрсөтүлбөй туруп эле гранттык орундарды бөлүштүрүп, парламент депутаттарынын кайрылуу каттарынын негизинде чечим чыгарган. Анан анын бардыгын ректорлор аткарган. Тизмеде кайсы бир адамдарды кандайдыр бир конкреттүү адистиктерге киргизесиңер деген сунуштамалар болгон. Министр анын бардыгын ректорлорго, алар аркылуу кабыл алуу комиссиялары чечим чыгарган. “Азаттык” иликтеген фактылардын бардыгы биз териштирген учурда тастыкталды.

Табышмактуу кызматтан кетүү

Аталган комиссиянын жыйынтыктоочу корутундусун жарыялаган маалымат жыйынына комиссия төрайымы, билим берүү министринин мурдагы орун басары Бермет Турсункулова катышкан жок. Ал адам айрым комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, буга чейинки жыйындарда ректор Зурдинов менен мурдагы министр Канат Садыковдун таламын талашып, комиссиянын иликтөө багытын башка нукка бурууга аракеттенип келген. Комиссия 15-февралда жыйынтыгын чыгармак. Бирок комиссия төрайымы Турсункулова министрдин орун басарлыгынан күтүүсүз эле кетип калган. Анын бул комиссиянын ишине тиешеси барбы же жокпу ушул күнгө чейин белгисиз. Медакадемияны текшерүү үчүн барган комиссиянын мүчөсү Динара Ошурахунова эми бул ишти прокуратура иликтөөгө тийиш деп эсептейт:

- Бул жерде бир түшүнүксүз жагдай орун алган да. Депутаттар тизмени жөнөтүп, кат менен кайрылганда мурдагы министр Садыков алар тиешелүү жобого жана талаптарга жооп береби же жокпу, карап отурган эмес. Билим берүү министри Канат Садыков ошол кезде мына ошол туура эмес берилген сунуштамалар боюнча ректорлорго буйрук бербөөгө тийиш болчу. Мына ошондой одоно мыйзам бузуулар бар экен. Алар тастыкталды. Бирок биз тергөө органы болбогондон кийин аларга карата укуктук баа бере албайбыз. Ага бааны прокуратура берүүгө тийиш.

Коррупциянын башаты иликтенбей калганда...

Медакадемияга баллы жетпеген абитуриенттерди мыйзамсыз окууга кабыл алуу фактылары 2011-жылы эң көп катталган. Билим берүү министрлигинин мамлекеттик гранттык комиссиясынын чечиминин негизинде Канат Садыков кырктан ашуун баланы алгач контракка андан кийин айрымдарын бюджетке которгон буйруктарды чыгарганы “Азаттыктын” атайын иликтөөсүндө белгилүү болгон. Садыков буга 2010-жылы апрель-май жана июнь окуяларында каза тапкандардын балдарына жеңилдик берүү боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомун пайдаланган.

Комиссия аталган окуу жайларда баллы жетпеген абитуриеттер кабыл алынганын тастыктады.
Комиссия аталган окуу жайларда баллы жетпеген абитуриеттер кабыл алынганын тастыктады.

Бирок комиссия мына ушул учурда иликтөөнү негедир эстен чыгарып, 2012-жылдан беркисин гана караган. “Апрел Баатырлары” коомдук уюмунун өкүлү Таалайбек Айдаров жабыркаган адамдарга бөлүнгөн гранттык орундарды каалагандай бөлүштүргөндөрдүн жоопкерчилигин кароону талап кылган болчу:

- “Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин мына ошол жагдайды билдик. Апрел окуясынын жабырлануучусунун кайсыл баласы же кызы Медакадемияга жеңилдик менен окууга киргенин ачык тизмелеп беришсин десек, анте алышпады. Биз териштирсек, карапайым апрел баатырларынын арасынан эч кимдин баласы Медакадемияга кирген эмес экен. Анда ал тизмеге кимдин балдары кирген? Демек бул жерде биздин атыбызды жамынган коррупциялык байланыш болгон деп ойлоп калдык. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев бул маселени териштирип, ага чекит коюшу керек.

Жакында "апрелчилердин" бул кайрылуусу мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге жолдонгон эле. Ага жооп кылып президент Атамбаев өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаевага бул ишти иликтеп, чара көрүүнү тапшырган. Бирок аталган жогорку кызмат адамдары дагы деле ордунан козголо элек.

XS
SM
MD
LG