Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Рак менен күрөшүүнүн жаңы жолу


Европалык окумуштуулар рак шишиктери менен күрөшүүнүн дагы бир жаңы жолун изилдеп жатат.

Электр ийне сайгыч

Сыркоолоп калганда баарыбыз эле медайымдын ийне сайуусунан заарканып турабыз. Эми ушул ийнелердин ордуна электр тогу менен иштөөчү аппарат чыгарылды. Массачусетстеги технологиялык институтта көргөзмөгө коюлган бул “акылдуу” техника кичинекей, бирок аябай күчтүү магниттин жана электр тогунун жардамы менен дарыны теринин ичине киргизет. Бул процесс аябай бат болгондуктан бейтап ооруну сезбей калат.

Бул жаңы аппарат көз дарыгерлердин арасында да популярдуу болууда, анткени ал колдонгонго ыңгайлуу жана зыяны жок. Изилдөөчүлөрдүн айтуусунда, башында бул аппарат ар дайым ийне аркылуу дары алып турган бейтаптарга жана ийнеден корккондорго (балдарга) чыгарылганы менен, бара-бара ооруканаларда күнүмдүк колдонулуучу буюмга айланары күтүлүүдө.

РНК молекулалары рак оорусу менен күрөшөбү?

Европалык окумуштуулар ДНК молекуларына окшош РНК (Рибонуклеин кислотаcы) молекуласын башкарып, көзөмөлдөө менен рак шишиктеринин өсүүсүн токтотууга болоорун айтып чыгышты. Бүгүнкү күндө Германиянын Тюбинген шаарындагы молекулалык-биологиялык лабораторияда биолог, фармацевт, химиктер чогулуп, РНК молекулаларын башкаруучу препаратты иштеп чыгууда.

Биологдордун айтуусунда, РНК молекулалары адам организминде ортомчулук функцияны аткарат. Ал молекулалар өз кезегинде клетканын өзөгүнөн цитоплазмага организмге пайдалуу же зыян келтирүүчү белокторду кабарлап турат. Өткөн жылы бул жаңы изилдөө инновация тармагындагы европалык сыйлыкка ээ болгон. Эми окумуштуулар фармлабораториялар жана клиникалар менен иштешип, жаңы дарыны сынап көрүүнү көздөөдө.

Лазердик скальпель

Жаңы чыккан медициналык техникалардын дагы бири - хирургдар үчүн даярдалган ультра үндүү медицина макиси. Бул заманбап хирургиялык аспап Misonix Bone Scalpel деп аталып, аябагандай бат ылдамдык менен иштейт. Андыктан ал адамдын өмүрүнө коркунуч туудуруучу операцияларды жасаганга да абдан ыңгайлуу.

Misonix Bone Scalpel менен сөөктү кесүүдө жарым сааттан бир саатка чейин убакытты үнөмдөөгө болот. Бул аспаптын жоондугу 0,5 мм болгон арасы сөөктү так өлчөп, башка нерв ткандарына зыян келтирбейт жана ал пластикалык операцияларда, нейрохирургияда, ортопедиялык дарылоодо көп колдонулат.

Бул инструмент биринчи жолу жүлүн мээдеги шишикти алууда колдонулуп, сынактан өткөн. Адистердин айтымында, мээсинде шишиги бар адамдар аябагандай катуу баш ооруга чалдыгышат жана кийинчерек шал болуп калуусу толук мүмкүн. Эми Misonix Bone Scalpel менен ушундай кыйын операцияларды кыска убакыттын ичинде жана аз кан жоготуу менен жасоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мээге коюлган сенсор

Америкадагы Браун университетинин изилдөөчүсү Ли Хохберг өзүнүн кесиптештери менен адамдын ой жүгүртүүсүн санариптик буйрукка которуучу системаны ойлоп тапкан. Бул система кыймылдоого жөндөмсүз шал сыяктуу дартка чалдыккандарга арналган. Анткени аны менен ой аркылуу кандайдыр бир физикалык жумушту ишке ашырууга болот.

Brain Gate деп аталган бул жаңы программаны америкалык 58 жаштагы Кети жана 66 жаштагы Боб инфаркт менен ооруп, дудук болуп калганда алардын колдорун иштеткенге колдонуп көрүшкөн. Алардын мээсине аянты 4х4 мм 96 ичке электроддордон турган кабарлоочу бөлүкчөнү орнотуп (сенсор), аны компьютерге кошушкан.

Бул кабарлоочу бөлүкчө адамдын кыймылдоого жооп берүүчү нервдери менен туташып, адам кайсы кыймылды элестетсе сенсор аркылуу компьютерге сигнал барат жана кыймыл-аракетке жараша команда берилет. Ошентип колу-буту кыймылдабай калган бейтаптар бул мээ программасы менен эч кимдин жардамысыз эле каалаган жумушун жасаса болот.

XS
SM
MD
LG