Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

“Коопсуз шаар” тендери үзгүлтүккө учурады


Дүйшөмбүнүн көчөсүндөгү видео камералар. Тажикстан. 2013-жыл.
Дүйшөмбүнүн көчөсүндөгү видео камералар. Тажикстан. 2013-жыл.

Ички иштер министри “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерде уткан компания менен келишимге кол коюудан баш тартты.

Мелис Турганбаев сынакта жеңип чыккан “Стилсофт Бишкек” кыргыз-орус ишканасынан күмөн санап жатат. Министр тендердин жыйынтыгын өкмөттүк комиссия текшериши жана жаңы сынак жарыяланышы керек деп эсептейт. Сынак өткөргөн комиссиянын айрым мүчөлөрү тендердин үзгүлтүккө учурашы боюнча ИИМдин өзүн айыптап чыкты.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерде уткан “Стилсофт-Бишкек” компаниясын күмөндүү деп атады. Тендердин шарттарына туура келбеген, талаптарга жооп бербеген жагдайлары ачыкка чыкканын жарыялады:

- Ал жерде көп ката, кемчиликтер болгон. Мисалы, биринчи этапта өтпөй калган фирмалар кандайдыр бир жолдор менен экинчи этапка өтүп кеткен. Орто жолдон эки документ жоголуп кеткен. Тышкы иштер министрлигинен ошол компаниянын Москвада көрсөтүлгөн дарегинен тактаганда, ал даректе андай компания жок деген кагаз келген. Биз бул кагазды жакында таптык. Андан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматы менен да маселелери бар экен. Ошондой эле мындан башка да өзүмдүн оперативдүү маалыматтарым бар. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн ошол уткан фирманын кайсы шаарларда ушундай долбоорлорду ишке ашырганын көрүшүбүз керек. Алардын тажрыйбасы, акчасы болушу керек. Ошондой талаптарга жооп бербей жатат. Болбосо атайылап эле бузалы деген ниет жок. Эгер долбоор ишке ашпай калса, эртең жооп берип калабыз. Ошон үчүн карашыбыз керек.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында, Бишкек жана Ош шаарларына, стратегиялык мааниси бар жолдорго видеокөзөмөл камералар орнотулат. Болжол менен 43 миллион доллар кетет деп айтылган.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

Тендер былтыр август айында жарыяланган жана сегиз компания катышып, жыйынтыгында “Стилсофт-Бишкек” жеңүүчү деп табылган. Тендердик комиссия министрлик-мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган отуз адамдан куралган.

Алардын арасында парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина болгон. Ал Турганбаевдин тендер тууралуу айткандарын кескин сынга алды. Кийинки тендерди ИИМди кошпой өткөрүүнү сунуштады:

- Баары ачык-айкын өткөн, телевидение аркылуу көрсөтүлгөн. Бизди бардык тараптан канааттандырган компания аныкталса, андан министр эми минтип шек санап жатат. Бул өзүнүн орун басарына ишенбей шек санап жатат дегенди билдирет да. Өзүңөр билгендей, тендер боюнча комиссиянын төрага орун басары - ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов. Эгер Турганбаев бизге ишенбесе, анда комиссияга өзү кирип, өзү иштеши керек болчу. Мен эмне болгонун түшүнбөй жатам. Эми министрден мен шек санап жатам. Эгер ал үчүнчү жолу тендер өткөрөлү деп жатса, анда үчүнчү жолкусуна Ички иштер министрлигин кошпош керек деп айтат элем.

Катышуучуларды соттоо сунушталды

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова да тендердик комиссиянын мүчөсү болгон. Ал дагы тендер боюнча ИИМдин өзүн айыптады: ​

- Тендерге долбоорлорду сунуштоо, катышып жаткан компанияларды изилдеп чыгуу, кабыл алуу, комиссия менен сынакка катышкан компаниялардын жолугушуусун уюштуруп өткөрүү деген иштердин баары ИИМдин өзүнө жүктөлгөн. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү ошол ИИМ чогултуп берген материалдар менен гана иштедик да. Эгер ошол утту деген компания буга чейин мындай долбоорлорду ишке ашырган эмес болсо, тарых-таржымалы жок болсо, анда эмнеге алардын документтерин бизге берип, башыбызды айлантышты? Бул министрликтин жоопкерчилиги. Керек болсо ошол тендерге мүчө болгон ИИМдин кызматкерлерин соттош керек. Бул деген саботаж. Бирок мен ошол утту деген компания шек жаратат дегенге ишенбейм.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

Азиза Абдирасулова ушуну менен экинчи тендер үзгүлтүккө учураганын, расмий бийликтегилер ишеничтен кетип баратканын, мунун айынан кийинки тендерге катышуучулар болбой да калышы ыктымалдыгын эскертти.

Көз карандысыз эксперт Жамалбек Ырысалиевдин баамында, тендер эң ириде сынак өткөргөн комиссиянын айынан үзгүлтүккө учурап жатат:

- Чырдын башаты эле тендердик комиссиянын мүчөлөрү болуп калды да. Ошолор кайсы бир компаниянын кызыкчылыгын көздөп кетип жатат. “Коопсуз шаар” долбору биздин коңшубуз Тажикстанда, Дүйшөмбү шаарында ишке ашкан. Бул өзүн тез актай турган долбоор. Бизде унаа көп. Жолдо эреже бузгандар андан көп. Айып пулдун тең жарымын мамлекет, калган жарымын ошол долбоорду ишке ашырып жаткан инвестор ала турган болсо күйбөйт.

“Коопсуз шаар” боюнча алгачкы тендер Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда өткөн. Анда кытайлык компания жеңип алган. Бирок баасы ашкере жогору болгон, сынактын жол-жобосу сактаган эмес, мыйзам бузуу болгон деген негизде соттун чечими менен тендердин жыйынтыгы жокко чыккан. Мындай тендер өткөргөн жооптуу аткаминерлерге чара көрүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG