Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Сербияда тез жардам тик учагы кырсыкка кабылды


Кырсыкка кабылган тик учак
Кырсыкка кабылган тик учак

Сербиянын тез жардам тик учагы 5 күндүк наристени ооруканага алып бараткан учурда кулап тушту. Окуя 13-март күнү болгонун жергиликтүү маалымат булактары кабарлады. “Ми-17” үлгүсүндөгү тик учак Белграддын жанындагы аба майданына жакын жерде коюу тумандын айынан кырсыкка кабылган.

Тик учактагы жети кишинин баары – экипаждын төрт мүчөсү, эки медайым жана наристе курман болушту. Премьер-министр Александр Вуцик чукул жыйын өткөрүп, 15-мартты Сербияда аза күтүү күнү деп жарыялады. Өкмөт башчынын жыйыны мамлекеттик телеканалдан түз көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG