Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Жолдош Калилов билдирди. Анын айтымында, эмдөөнүн ар кандай түрүнөн баш тарткандарын басымдуу бөлүгүн диний көз караштагы адамдар түзөт. Алардын айрымдары түшүндүрүү иштеринен кийин балдарын кызылчага каршы эмдетүүгө макул болушкан.
Бүгүн Бишкекте жана Чүйдө кызылча жана кызамыкка каршы жапырт эмдөө башталды. Анын алкагында 1 жаштан 20 жашка чейинкилер эмделет. Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканысынын директору Гүлжигит Аалиевдин билдиришинче, жыл башынан бери Кыргызстандын аймагында кызылча оорусун жуктуруп алгандардын саны 5000ден ашкан. (КЕ)