Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Адвокаттар УКМКнын тинтүүсүн өч алуу катары баалады


"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын кызматкерлери маалымат жыйында. 31-март, 2015-жыл.
"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын кызматкерлери маалымат жыйында. 31-март, 2015-жыл.

Өткөн жумада "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын Оштогу кеңсесинде УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн.

27-мартта "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын Оштогу кеңсесинен жана адвокаттарынын үйүнөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери материалдар сакталган беш ноутбукту жана дисктерди алып кеткен.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы тартылып алынган материалдардын арасында УКМК кызматкерлеринин үстүнөн козголгон кылмыш иштерине байланыштуу маалыматтар да болгонун билдирүүдө. Алардын пикиринде, тинтүү жүргүзүүгө ушул нерсе себеп болушу мүмкүн.

Ошондой эле тартылып алынган материалдардын арасында июнь коогасы боюнча соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровго жана экстремизм боюнча айыпталып жаткан Рашод Камаловго тиешелүү көп эмгекти талап кылган иликтөөлөр да болгон.

Укук коргоочулар бул окуяга прокуратура тарабынан эч кандай реакция болбогонуна тынчсызданууда.

Үйү тинтүүгө алынган адвокат Хусанбай Салиев Улуттук коопсуздук кызматынын Оштогу өкүлдөрүнүн аракетин өч алуу катары баалайт. Ал текшерүүнү мыйзамсыз деп атап, тартылып алынган компьютер, дисктерде жана кагаздарда дал ошол УКМК кызматкерлеринин үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөөлөр сакталганын айтууда.

- Тинтүү чет өлкөлүк Умар Фарук аттуу журналистке байланыштуу болду деген жүйө учурда бир тыйынчалык болбой калды. Бул ачыктан-ачык эле ыңгайсыз адвокаттарды коркутуу, аларга сүр көрсөтүү. Коопсуздук кызматкерлери биздин материалдарды толугу менен менчиктеп алгандан кийин ал журналистти күнөөсү жок экен деп мамлекеттен чыгарып салып жатпайбы. Тартылып алынган компьютер жана чоң флешкаларда жүздөгөн материалдар бар эле. Алардын арасында УКМК кызматкерлеринин үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча да адвокаттык иликтөөлөр бар болчу. Менин жана кесиптешим Вахитовдун үйүнө тинтүү жүргүзгөн УКМК кызматкерлеринин арасында дал ошол кылмыш иштерине тиешеси бар адамдар болгон. Бул - мыйзамсыздык менен акыйкатсыздыктын жеткен чеги эмеспи? Бул - барып, өч алып келебиз дегендик.

"Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсеси тинтүүдөн кийин. 28-март, 2015-жыл.
"Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсеси тинтүүдөн кийин. 28-март, 2015-жыл.

Адвокаттар айтып жаткан материалдардын арасында УКМК кызматкерлери тарабынан токмок жеди деп айтылып келген Дилиор Жумабаев, Хакимжан Обиджанов жана анын атасы, УКМК кызматкерлери пара талап кылган делген аравандык ишкер Байбабаевдин иштерин сүрүштүрүү материалдары да болгон.

Улуттук Коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рахат Сулайманов болсо тинтүү жүргөн кезде экстремисттик жана бүлүндүрүүчүлүк маанайдагы деп айтылып жаткан материалдар табылганын, теологиялык экспертиза жүргүзүлгөн соң алынган буюмдар кайтарылаарын билдирди.

Деген менен адвокаттар экстремизмге шектелген материалдарга экспертиза туура эмес жүргүзүлүп жатканын, соттук процессуалдык эрежелер да одоно бузулганын баса белгилешүүдө.

Бул окуяга байланыштуу Адвокаттар кеңеши, Кыйноолорго каршы коалициясы, “Бир дүйнө” укуктук кыймылы Кыргызстандын баш прокурору Индира Жолдубаеванын атына кат жолдоп, коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүшкөн.

“Бир дүйнө Кыргызстан” кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова уюмдун иши үзгүлтүккө учурап жатканын айтып, эмдигиче прокуратура тарабынан реакция болбогонуна тынчсызданууда.

- Ар кандай көз боёмочулуктар жана бурмалоолор болуп кеткичекти бийлик тез арада аракет кылуусу зарыл. Ошондой эле Башкы прокуратура тарабынан реакция болушун күтүп жатабыз.

Кыргызстандан депортацияланган америкалык журналист Умар Фаруктун Твиттердеги баракчасы
Кыргызстандан депортацияланган америкалык журналист Умар Фаруктун Твиттердеги баракчасы

27-мартта УКМК тергөөчүлөрү "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жумушка байланыштуу документтерди, компьютерлерди, маалыматтар сакталган флешкаларды алып кетишкен.

УКМК кыймылдын кеңсесиндеги тинтүүнү Ош шаарында кармалган АКШ жараны Умар Фарукка байланыштырып, ал тиешелүү уруксат албастан облустагы диний кырдаал тууралуу маалымат топтоп жүргөнүн билдирген. Алар тинтүү мыйзамдуу жүргүзүлгөндүгүн маалымдашууда.

Ош шаардык соту 28-мартта Умар Фарукту Кыргызстандан депортациялаган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG