Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Атамбаев Евробиримдикти кош стандарт үчүн сындады


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен немис канцлери Ангела Меркел. 1-апрель, 2015-жыл.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен немис канцлери Ангела Меркел. 1-апрель, 2015-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев 30-мартта Брюсселде европалык эксперттер менен жолугушууда Евробиримдикке таарынычын билдирди.

Бельгияда өтүп жаткан “Демократиялык Кыргызстан” деп аталган сүрөт көргөзмөсүнүн алкагында европалык эксперттер менен жолугушууда Атамбаев Евробиримдиктин демократиялык баалуулуктарды колдоо ыкмасына нааразы болду.

Ал Украинага миллиарддаган каржылык жардам көрсөтүлүп жатканын, убагында Кыргызстан 15 миллион евро сураганда Евробиримдик ал маселени чечпей койгонун айтты. Ошондой эле мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары өлкөдөн чыгарып кеткен акчаны кайтарууда жана демократиянын өнүгүп-өсүшүнө жардам көрсөтпөгөнүн сынга алды.

Оппозициячыл саясатчы Кубатбек Байболов Европа үчүн Украина менен Кыргызстан эки башка салмакка ээ экенин белгилеп, анын үстүнө Украина менен Батыштын душманы бир болгонун кошумчалап, Кыргызстан менен Евробиримдиктин мамилелеринин салкындап кетүүсүнө себеп болгон факторлорго токтолду:

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Германиянын президенти Йоахим Гаук. Берлин. 1-апрель, 2015-жыл
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Германиянын президенти Йоахим Гаук. Берлин. 1-апрель, 2015-жыл

- Биздин Орусия менен чексиз алакабыз, ошол жакка гана көңүл буруп туруп алганыбыз бир себеп. Реформалардын солгундашы, экономикалык көрсөткүчтөр, инвестицияга болгон мамилелер жана башка көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча Европанын көңүлүнө азырынча татыбай турабыз.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун оюнча, Бакиевдер боюнча Кыргызстан Европаны ынандырарлык деңгээлде далилдерди топтоп бере албагандыгы үчүн жардам ала албай жатат. Ошол эле убакта Кыргызстан иш жүзүндө бир тараптуу тышкы саясатка ыктап, адам укуктары, демократиялык баалуулуктар сакталбаган өлкөлөр менен ымаласын күчөткөндөн улам ушундай мамиле жасалууда:

- Доомат коердон мурда өзүбүз кайсы жолду тандап, кайсы мамлекеттер менен ымала түзүп атканыбызга саресеп салалы. Евробиримдиктин Кытай менен Орусияга көз карашы түз эмес. Орусия бирөөнүн жерин басып алды. Кытайда канчалаган уйгурларды камап атат. Сөз эркиндиги жөнүндө айтууга да болбойт. Биз демократиялык жолду тандадык деген менен полициячыл режимдеги өлкөлөр менен коюн-колтук алышып жүрөбүз. Назарбаевди устатым дейт. Эмнеси устат? Бир мамлекетти жыйырма жылдан бери башкарып келатат. Ал жакта адам укуктары көп жагынан тебеленүүдө.

Немис канцлери Ангела Меркел менен. 1-апрель, 2015-жыл.
Немис канцлери Ангела Меркел менен. 1-апрель, 2015-жыл.

Ошол эле учурда талдоочулар биримдик тарабынан Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу системасын демократиялаштырууга колдоо болбой жатканын, бейөкмөт уюмдарды каржылоо менен маселе чечилбесин белгилешет.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттин Европага таарыныч билдиргенин туура деп эсептеп, бул сапар биримдик менен Кыргызстандын алакасын оңдойт деген ишенимде:

- Таарынычыбызды билдирип турушубуз керек. Президент деле балким ошондон кийин саясатын өзгөртөр деген ойдо айткан чыгар. Эки жумалык сапар Евробиримдик менен Кыргызстан ортосундагы мамилени жылытат. Эгер барбаса, суугандан сууй бермек. Сүйлөшүп, пикир алмашып, бул жактагы көйгөйлөрдү айтышы керек. Айтпаса кайдан билмек эле?

Кыргызстандын тышкы интеграциялык саясаты көпчүлүккө бир беткей көрүнгөнү менен президент Атамбаев башка мамлекеттер менен да көп вектордуу тышкы саясатты жүргүзөрүнө ишендирип келет. Бул тууралуу ал Брюсселде “Евроньюс” телеканалына курган маегинде билдирди.

Сапардын жалпы жыйынтыгы кандай болуп, Атамбаевдин сапары эки тараптуу мамилени канчалык жылытканын азырынча айтуу эртерээк.

Анткени президенттин сапарындагы негизги сүйлөшүүлөрдүн бири – Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуу бүгүнкүгө белгиленген. Андан соң Атамбаев Кыргызстанга кайтып келет.

XS
SM
MD
LG