Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Жалал-Абад: оппозиция курултайы аяктады


Жалал-Абад шаарынын “Телтору” ат майданындагы улуттук оппозициялык кыймылдын курултайы соңуна чыкты. Ага байкоочулардын баамында 300, милициянын маалыматында 150 чамалуу киши катышты.

УОКтун лидерлери Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов бийлик алдына мурдатан коюлуп келаткан талаптарды дагы бир ирет кайталашты. Алар “Чыныбай Турсунбеков, Таирбек Сарпашев жана Жантөрө Сатыбалдиев жоопко тартылсын”, “электр энергиясы арзандасын”, “суу саткандар -эл душманы”, “шоопур саясат токтосун” жана "Кумтөр маселеси чечилсин" деген жазууларды жазып алышкан.

УОК мүчөлөрү буга чейин аталган курултайга көп сандагы адамдар катышарын жана президент Атамбаевдин отставкасы да талап кылынарын жар салышкан. Бирок оппозиция өкүлдөрү бүгүн эл менен жолугушуу менен гана чектелишти.

Курултайдын жүрүшүндө Өзгөн, Базар-Коргон райондорунан келген айрым аксакалдар УОК мүчөлөрү куру кыйкырык менен алек болуп, иш жүзүндө эч нерсе кылбай жатканын сынга алышты. (UEz/RsK)

XS
SM
MD
LG