Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

“Ал-Каида” эки командири өлгөнүн тастыктады


“Ал-Каиданын” Индиядагы бөлүмү эки командири быйылкы жылдын башында Пакистанда АКШ урган соккудан мерт кеткенин тастыктады. 12-апрель күнү уюмдун өкүлү Усама Махмуд аудиобилдирүү аркылуу топтун жетекчи орунбасары Ахмад Фарук жана Ооганстан боюнча жооптуу Кары Имран каза болгонун жарыялады. Махмуд билдиргендей, алар 5-январда Түндүк Вазиристанда "шейит" болушкан.

Эки командир “ал-Каиданын” Индиядагы бөлүмү түзүлгөндөн соң көп өтпөй эле каза болду. Адистер муну террордук топко урулган ири сокку катары баалоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG