Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Керри: Иран келишими дүйнөнү коопсуз кылат


Жон Керри (ортодо) Сенатта. 14-апрель, 2015-жыл
Жон Керри (ортодо) Сенатта. 14-апрель, 2015-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри АКШ Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө өнөктөштөр менен бирге дүйнөнү коопсуз кылууга салым кошо турган келишимге жетише алат деп билдирди.

Бир күн мурда Сенаттын тышкы байланыштар комитети Ирандын ядролук программасы боюнча маселеде Конгресске чечүүчү добуш берген мыйзам долбоорун жактырган.

15-апрелде Чоң Жетинин тышкы иштер министрлеринин Любектеги саммитине келген Жон Керри эки жарым айдын ичинде Иран боюнча сүйлөшүүлөрдүн өтөсүнө чыгуу үчүн аракет көрүлүш керек деди.

- Алдыдагы эки жарым айда Иран менен сүйлөшүүлөрдү бүткөрүүнү максат кылабыз. 14-апрелде Конгресстин Иран маселесиндеги чечүүчү добуш боюнча Вашингтондо мунаса табылды. Президент Обама баш болуп, келишимге жетишебиз жана дүйнөнү бүгүнкүдөн коопсуз кылууга кудуреттүүбүз деп ишенем.

Чоң Жетинин тышкы иштер министрлеринин жыйыны. Германия
Чоң Жетинин тышкы иштер министрлеринин жыйыны. Германия

Үстүбүздөгү айдын башында АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция, Германия жана Ирандын тышкы иштер министрлери Лозаннадагы жолугушууда Ислам жумурияты менен келишимдин негизги пункттарын аныкташкан. Тегеран атомдук программасын чектеп, курал жасоодо колдонулган уран байытуу ишин кыскартса, эл аралык санкциялар алынат деп сүйлөшүлгөн. Ал эми негизги документ 30-июнга чейин иштелип чыгууга тийиш.

14-апрелде Сенаттын тышкы байланыштар боюнча комитети Ирандын ядролук программасы боюнча маселеде Конгресске чечүүчү добуш берген мыйзам долбоорун жактыргды. ​

- Келишимге жетишилсе жана документ четке кагылбаса, Конгресс ага жакындан байкоо салып турат. Ар 90 күндө администрация Иран аны аткарып жатканын тастыктап турушу керек. Келишимдин шарттары бузулса, 10 күндүн аралыгында Конгресске кабар берилип, биз келишим жактырылса алынып сала турган санкцияларды кайра калыбына келтирүүгө кудуреттүү болууга тийишпиз, - деди добуш берүүдөн кийин комитеттин төрагасы Боб Коркер.

Боб Коркер
Боб Коркер

Президент Обама буга чейин андай мыйзамга вето коерун эскертип келген. Бирок демократтар менен республикачылар мунасага келгенден кийин мамлекет башчы кол коет деп күтүлүүдө.

Долбоорго ылайык, келишим 9-июлга чейин Конгресске тапшырылып, Ирандын келишимдерди аткарып-аткарбаганына баа берүү үчүн 30 күн берилет. Бул аралыкта Обама Конгресс Иранга каршы кабыл алган санкцияларды алып сала албайт.

Ак үй Конгресстин 60 күн деген мөөнөтүн кыскартууга жетишти. Бирок президент келишимди 9-июлдан кийин сунуш кылса, анда ошол 60 күн деген вариант калат.

Комитет ошондой эле долбоорго президент ар үч айда Тегерандын америкалыктарга каршы террорчул аракеттерди колдоп-колдобогонун далилдеп туруш керек жана андай болбосо, экономикалык санкциялар кайра киргизилиш мүмкүн деген жобону киргизген.

Обама администрациясы мыйзам долбоорунун дагы бир нече беренелерин өзгөрттүрүүгө жетишти.

Сенат документти үстүбүздөгү айда колго салмакчы. Республикачылардын Өкүлдөр палатасындагы лидерлери аны көп узабай жактырышаарын убада кылышууда.

Келишим Ирандын ядролук куралга ээ болуусун алдына алалбайт деп кооптонгон Израиль АКШдагы бул мунасага канааттанганын билдирди.

Тегеран атомдук ишмердиги тынчтык максатты гана көздөөрүн, куралга умтулбаганын кайталап келатат.

XS
SM
MD
LG