Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

“Кыргызтелеком”: кызарган кызмат, кыл чайнашкан топтор


“Кыргызтелеком” ишканасынын 77 пайыз акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык. Андан кийинки акциянын 14 пайызы Социалдык фондго жана калган беш пайызы жеке адамдарга караштуу.
“Кыргызтелеком” ишканасынын 77 пайыз акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык. Андан кийинки акциянын 14 пайызы Социалдык фондго жана калган беш пайызы жеке адамдарга караштуу.

“Кыргызтелеком” ишканасы кайрадан тирешүүнүн очогуна айланды. Бул ишкананын директорлор кеңешинин башкармалыкты алмаштыруу аракетин эмгек жамаатынын атынан кесиптик кошуундар уюму айыптап чыкты.

Уюмдун төрагасы Жеңиш Осмонкулов директорлор кеңеши жакында өтө турган акционерлердин жыйынын күтпөй, мыйзамды бузуу жолу менен мурда мекемеде иштеп кеткен Акыл Түгөлбаев баш болгон беш адамды башкармалыкка алып келүүгө аракеттенип жатканын билдирди. Директорлор кеңешинин сунушун беките турган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги комментарий берүүдөн баш тартууда.

Эмгек жамааты эмнеге тынчсызданат?

24-апрелде “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасынын акционердик жыйыны болот. Бул жыйында директорлор кеңешинин жаңы курамы тандалат.

Мындан улам кесиптик кошуундар уюму ишканадагы түзүлгөн кырдаал боюнча чукул билдирүү таратты. Анда директорлор кеңешинин эки адамдан турган азыркы курамы өзүнүн таасирин кармап калуу үчүн ишкананын башкармалыгын алмаштырууга аракеттенип жатканы жарыяланган. Анткени директорлор кеңеши “Кыргызтелекомдун” мурдагы вице-президенти Акыл Түгөлбаев баш болгон беш адамды башкармалыкка көрсөткөн. Бирок эмгек жамаатынын кайрылуусунда сунушталган талапкерлер кезинде ишкананы оор абалга кептегени мисалдар менен келтирилген.

Компаниянын соңку он жылдагы карызы бир нече миллионго чамалаган. Карыздын 34 миллион долларга чукулу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Насыя алуу үчүн учурунда “Кыргызтелекомдун” стратегиялык объекттери мына ошол банкка күрөөгө коюлган. Ошондуктан адистер ишкана банкротко кептелсе, күрөөдөгү мүлктү кытайлык тарап алып койот деп тынчсызданышкан.

Профсоюздук комитеттин төрагасы Жеңиш Осмонкулов ишкананы мына ошондой абалга жеткирген менеджмент кайра башкармалыкка келүүгө аракеттенип жатканын белгиледи:

- Биздин эмгек жамаат көрсөтүлгөн талапкерлерге каршы. Анткени көрсөткөн тарап да, көрсөтүлгөндөр да мурдагы жетекчи Аскар Баратбаевдин тушунда иштеген. Айрыкча башкармалыктын төрагалыгына көрсөтүлгөн Акыл Түгөлбаев анын оң колу болуп иштеген. Калган төртөө да ошол кишинин командасында болчу. Жамаат көрсөтүлгөндөрдүн тизмесин көрүп кыжырданып жатат. Анткени мына ошол жетекчиликтин тушунда ишкана банкрот абалына учураган. Компаниянын техникалык абалы начарлап, радио-телеберүү тармагында көп иштер учурунда жасалбай калган. Ошол одоно кемчиликтерди кетирген кишилер эмне үчүн кайра келүүгө тийиш? Булар директорлор кеңеши менен бир команда болуп алып, кайрадан бирин-бири сүрөп жатат. Биз мындайга жол бербейбиз.

Баратбаевдин кадрлары баратканда...

“Кыргызтелекомдун” курамында радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмеси бар. Анын 67 станциядан турган магистралдары аркылуу телерадио толкундары таралып, уюлдук байланыш камсыздалат.

Өкмөт 2003-2004-жылдары “Кыргызтелекомду” мына ошол өндүрүштүк бирикмеси менен кошо чет элдик инвесторго сатуу демилгесин көтөрүп, бирок парламенттин тоскоолдугунан улам алды-сатты токтоп калган.

“Кыргызтелеком” 2010-жылы 5-февралда Кипрде катталган аты белгисиз концорциумга 43 миллион долларга сатылган. Бирок 7-апрелдеги элдик толкундоодон кийин кайрадан мамлекетке кайтарылган.

2011-жылы Аскар Баратбаев жетектеп турган учурда “Кыргызтелекомду” сатуу демилгеси кайрадан көтөрүлгөн. Анда эмгек жамааты жетекчилик ишкананы атайын банкротко алып барып, сатууга далалат жасоодо деп айыптаган. Ошондуктан жамаат ишкананы сатуудан мурун андан радиорелейкалык өндүрүштүк бирикмени бөлүп чыгаруу демилгесин көтөргөн. Бирок Аскар Баратбаев башкармалыктан кетип, анын ордуна Алмазбек Кадыркулов келген соң ишкананы сатуу демилгеси токтогон.

Байланыш тармагынын ардагери Жеңиш Алжанбаев башкармалык менен директорлор кеңешине кайра келүүгө умтулуп жаткан мурдагы жетекчиликтин кылыктарын жамаат азырынча унута электигин белгиледи:

- Баратбаевдин тушунда жетектеп тургандардын бардыгы кайрадан келгени калды. Директорлор кеңешинде ошол адамдардын жакын өнөктөшү Мурзабеков бул планды ишке ашыруунун башында турат. Ал эми Мурзабеков учурунда Баратбаев баш болгон ошол жогорудагы адамдардын колдоосу менен радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмесине таандык турак жайды, мүлктөрдү жана жер аянттарын мыйзамсыз менчиктештирип алган. Буга кезинде биздин мекеменин карамагында турган Красная Речкадагы жер аянтын, "Манас" аба майданына жакын тилкедеги биздин станцияга караган 3 гектар жерди, Чолпон-Ата шаарындагы радиорелейкалык станциядагы чоң үйдү 25 сотых жери менен кошуп менчиктештирип алган. Мунун бардыгы текшерүү учурунда тастыкталып, иш козголуп барып эле кийин кыскарып кеткен. Ошол иштер үчүн жаза алуунун ордуна кийин Мурзабеков директорлор кеңешине шайланып алган. Эми ал адам башкармалыктын башчысы болуп алса деле таң калбай калдык.

Бирок “Кыргызтелекомдун” эмгек жамаатынын атынан жарыяланган профсоюздук комитеттин жогорудагы билдирүүсүнө башкармалыкка талапкерлиги сунушталгандар макул эмес.

“Кыргызтелекомдун” башкармалыгынын төрагалыгына көрсөтүлгөн Акыл Түгөлбаев 2011-жылдан 2013-жылга чейин ишканада вице-президент - коммерциялык директор кызматында турган.

Ал коюлган дооматтарды акылга сыйгыс деп атап, айыптоолорду атайын уюштурулган буюртма катары мүнөздөдү:

- Мына ошол билдирүүдө кандайдыр бир такталган фактылар барбы? Андай билдирүүдө фактылар болуш керек да. "Ошол адам мына, мындай коррупциялык иштерге катышкан деген так фактылар болсо бир жөн. Бул жерде жөн эле жалпы сөз болуп жатпайбы. Мен алардын маалымат жыйынын көрдүм. Жалпы эмгек жамаатынын атынан сүйлөгөн жанагы профсоюздук комитеттин төрагасы менин кайсы учурда кандай кызматтарда иштегенимди туура, так айта албай, адашып жатпайбы. Ал киши даярданып да албаптыр. Анан кайсы фактыны айтасың. Бул жөн эле буюртма. Мен башкармалыкта болгону эки жыл иштегемин. Ал болсо мени он жылдан бери иштеп, бардыгын куруткан деп айтып жатат. Мунун бардыгы жалган жалаа.

Кызматтан алуунун кыйыр формасы

Анткен менен 16-апрелде директорлор кеңеши шашылыш түрдө “Кыргызтелекомдун” башкармалыгын алмаштырууну Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна сунуштаган. Бул сунуштама иштеп жаткан башкармалыктын беш мүчөсүнүн үчөөнүн кызматынан кеткени менен байланыштуу деп түшүндүрүлгөн.

Андан соң директорлор кеңеши 20-апрелде башкармалыктын азыркы төрагасы Алмазбек Кадыркуловду ишиндеги кетирилген кемчиликтери үчүн деген негиз менен кызматынан алып, анын ордуна төраганын милдетин аткаруучу катары Дүйшөнбек Абдылдаевди убактылуу бекитип турууну сунуштаган. Директорлор кеңеши Талгат Жолдошев менен Мирбек Мурзабековдон чечимдерин чечмелеп берүүсүн сураган аракетибизден майнап чыкпады. Аларга багытталган суроолор жоопсуз калды.

Ошол эле кезде “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынан четтетилген төрага Алмазбек Кадыркулов аны кызматтан алуу мыйзам бузуу менен коштолгонун белгиледи:

- Мен арызды директорлор кеңеши менен кошо карап, анан жыйналыштан кийин кызматтан кетейин деп жаткам. Менин оюм ошондой эле. Анан менин кетишим Маммүлк фонду менен макулдашылганы үчүн арыз жаза турганымды айткам. Бирок андай болбой эле директорлор кеңеши башкача чечим кабыл алып коюптур. Мен жыйналышты өткөрүп коюп, анан татыктуу бир тапшырайын дегем. Директорлор кеңеши менен биздин көз карашыбыз башынан бери эле эки башка болуп калды. Бизди ишкананын саздан кантип алып чыгабыз деп маселе койсок, алардын пикиринде биз ар дайым кой союп, сый көрсөтүп турушубуз керек экен. Биз жасалма каржылык документтерди тазалап, ишти илгерилете баштаганбыз. Ошон үчүн биздин кирешебиз аз көрүнүп калды. Болбосо былтыртан бери эле интернет магистралы жана санариптик көрсөтүү боюнча эки ири долбоорду ийгиликтүү баштаганбыз.

Маалкаткан Маммүлк фонду

Буга чейин 31-мартта “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын үч орун басары кызматынан кеткен. Топ-менеджерлер кызматынан кетүүсүнүн себебин директорлор кеңешинин жүргүзгөн саясатына макул эместиги менен байланыштырган.

“Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду көзөмөлдөйт. Ошондуктан ал “Кыргызтелекомдун” директорлор кеңеши сунуштаган башкармалыктын жаңы курамын бекитүү же четке кагуу укугуна ээ. Бирок Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу Нурбек Калматов бул маселени бир ыктай чечүүгө шаша элек.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат катчысы Жоомарт Максатбеков бул маселе боюнча эч кандай комментарий берилбей турганын белгиледи:

- Биз бул маселе боюнча эч кандай комментарий бере албайбыз. Жетекчилик мага ошондой көрсөтмө берди. “Эч кандай комментарий бербе, келген сунуштаманын келгенин биз тастыктай албайбыз деп айт” деген тапшырма алгам. Ошондуктан бул маселе боюнча кандайдыр бир маалымат берип, комментарий кылууга акым жок.

Эми 24-апрелде “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасынын акционердик жыйынында директорлор кеңешинин отчету каралат. Ошондой эле директорлор кеңешинин ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун токтотуу маселеси каралып, анын жаңы курамы шайланат.

“Кыргызтелеком” ишканасынын 77 пайыз акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык. Андан кийинки акциянын 14 пайызы Социалдык фондго жана калган беш пайызы жеке адамдарга караштуу.

XS
SM
MD
LG