Орусиянын Ички иштер министрлиги Чеченстан президенти Рамзан Кадыровду чечен полициячыларына башка аймактан киргендерди атып салууга уруксат бергени үчүн сындады.
Кадыров 21-апрель күнү укук-тартип кызматкерлери менен жолугушкан учурда “Эгер эскертпей туруп сиздердин аймакка жат адам кирген болсо, ага ок чыгарууга уруксат. Ал москвалыкпы же башка жерденби, айырмасы жок. Биз менен эсептешиши керек”, - деп айткан болчу.
Ички иштер министрлиги бул билдирүүнү “Чечен президенти үчүн ылайыксыз” деп сыпаттады.
Соңку учурда Кремлдин таянычына ээ Кадыров менен күч түзүмдөр ортосунда пикир келишпестиктер күч ала баштаган. (SE)