Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:04

Аба ырайы: айрым аймактарда үшүк жүрөт


Келаткан апта башында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Нөшөрдөн улам тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана байланыш кызматтарынын ишин кыйындатып, жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаратат.

28-29-апрелде түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде -2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

27-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17,

Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 10...15,

Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. түнкүсүн 8…10, күндүз 17…19 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG